Бакай-Ата районундагы «Кызалак» дыйкан чарбасы уяң жүндүү койлорду көбөйтүп жатышат

merinosТоолуу региондордо малдын башы өтө  көбөйө баштады. Талас облусунда да бодо малдын, майда жандыктардын саны көбөйдү. Азыркы учурда облуста 66 миң 291 ири мүйүздүү мал, анын ичинен 33 миң 351 уй, 498 миң 606 кой-эчкилер, 23 миң 258 жылкылар бар. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева пресс-тур менен барган журналисттерге билдирди.

«Мындан 4-5 жыл мурун эл малдын санын көбөйтүүгө көңүл бурса, азыр асылдуулугуна карап иш алып  барышууда. Азыр малды асылдандыруу боюнча түйүндөр ачылган. Мындай түйүндү ачып, өз ишин жакшы жолго койгон Талас районундагы Кара-Суу айылында Урмат деген жигитти атоого болот. Фермерлердин баары малдарын ошол жерге алып барып жатышат», — дейт К.Курманалева.

Ал эми Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы «Кызалак» дыйкан чарбасы  уяң жүндүү меринос койлорун көбөйтүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенип келе жатышат. Аталган чарбанын мүчөсү Муратбек Байтиковдун берген маалыматына караганда, учурда чарбада 400 кой, 350гө жакын  козу бар. Кыргыз койлору, кысыр койлор өзүнчө багылат. Эмне себептен бул уяң жүндүү койлорду багып калганын сураганда, ал өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

 

— Биз 2009-жылы бир туугандар менен ушундай малиш кой кылабыз деп, ылдыйкы Кара-Буура районунан бир короодон 200 баш, бир короодон 50, бир короодон 100 кылып, башын 400гө жеткирип сатып алып келгенбиз. Алгач Эчкилүү тоосунун этегинен азыркы турган 2 гектар жерди фундаменти менен сатып алып, 2010-жылы сарайды курдук. Уяң жүндүү меренос коюу, союз маалында биз малиш кой деп айтчубуз. Атамын атына «Кызалак» деген ат кюлган. Азыр башын көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Тубар койлорду 1000ге жеткирип, 500 кылып эки атар кылып бөлөлү деп жатабыз. Дыйканчылык кылабыз, малдын жемин камдайбыз. Быйыл үчүнчү жыл болду. Жакшы эле, бирок туут учурунда бир аз кыйынчылык болот. Жүзүнөн жүздөн козу алдык. Эгиздери бар, бирок жакшылап карабасаң жаз айында, же үшүп, же эме албай калат, же өлүп калат экен. Козуларга боор, сөөл ооруларына каршы жем катары витамин салабыз. Ветеринарларды алдын-ала чакырып, бардык койлорду көрсөтүп турабыз. Алар бардык койлорго дарыларды алып келип беришет, — дейт ал.

 

«Биздин өзүбүздүн 14 гектар үлүш жерге беде эгебиз. Тоют үчүн сатам дегендерден төө бурчактын чөбүн, кара бедени, чөптү сатып алабыз. Жемди да Кара-Балтадан, Сокулуктан 3-4 тонна кылып бир машинага басып алып келебиз. өзүбүздө майдалай турган дробилка бар. Жүгөрүнүн сотолоюн алып, майдалайбыз. Арпа алабыз, ар түрдүү жем алынат. Бир үй-бүлө малчыбыз бар. Малчыга 10 миң сомдон айлык берилет, декабрь айынан баштап туут учурунда 15 миң сомдон берилет. Анан дагы бир кап уну бар. Анча-мынча кем-карчын өзүбүз алып келип турабыз. Туут учурунда 4 адам келип каралашат. Бир күнгө 2 бир тууган келип жардамдашып турушат»,- деди М. Байтиков.

 

Базарга алып барган козуларды 2800-3300 сомго чейин сатышкан. Базар баасынан ашыра сата алышпайт. «Биз ар бир койду 6 миң сомдон, козуларын 5 миңден алганбыз. Азыр өзүбүз козуларды 5 миң сомдон сата албайбыз. Бул бир эле инимдики. Кредит алган жокпуз. Менин атам союз мезгилинде колхоздун чабаны болгон. Биз кичине кезибизде койлорду бакчубуз. Азыр мындай койлордун пародолору жок. Кой бакканга болгон кызуубуздан улам меренос койлорун багып жатабыз», — «Кызалак» дыйкан чарбасынын мүчөсү.

 

Бакай-Ата райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Кемелбек Бокуевдун берген маалыматына караганда, КР Айыл-чарба министрлиги малдарды чет мамлекеттерге сатканга жардам берсе жакшы болмок. КР өкмөтүнүн токтомунда биринчилерден асыл тукум чарбаларына айыл өкмөттүн фондунда турган жерлер берилиши керек деп жазылган. «Бирок биз ала элекпиз. ФПСтин жерлерин бөлүштүрүү айылдык кеңештерде чечилет. Жерлерди бөлүштүрүү аукциондо гана сатылат деп жазылып калган. Жерлердин баасы кымбат болуп жатат. Быйыл Ак-Дөбө айыл өкмөтүндө аукцион болуп, 1 га жер 37 миң сомдон, Акназаров айыл өкмөтүндөгү аукциондо 1 га жер 23 миң сомдон сатылды. Бакай-Ата районунун өзгөрүш айыл өкмөтүндө  17 чабан бар. Жерлер жетишпейт, тартыш болуп жатат»,- дейт К.Бокуев.

 

«Кызалак» дыйкан чарбасына тиешелүү менчик 15 гектар жери бар. Эртең менен эрте койлорду айдап чыгып, коңшу турган жайыттарга жайып келсе болот. Меринос уяң жүндүү койлордун эти даамдуу жана нык болот. өзгөрүш айыл өкмөттүн фйондунда турган (ФПС) 30 гектар жери бар. Жер жетишсиз болуп, өздөрүнө керектүү, тааныш адамдарын чакырып, алдын-ала акча берген кишилерге 5 жылга сатылып кетип жатат. Бизге болсо келээрки жылдан жерди беребиз деп айтышкан. Ага көп деле ишене бербейбиз», — деди М. Байтиков.

 

Койчу Канаттын аялы Зулфира Кобоеванын айтымында, 2 жылдан бери койлорду багышат. Учурда жайлоого чыгабыз деп даярдык көрүп жатышат. Улуу баласы бул жерде короону карап калат. «Биз машинага жүктөнүп алып, малдар менен Суусамырга жайлоого кетебиз. Жайлоодо койлордун козуларын күзгө чейин чоңойтуп, энесинен бөлүп алабыз. Козуларга деле баладай мамиле кылуу керек, аларды өзүнчө карайбыз. Анан койлорду күзүндө куутка даярдап, октябрда кошобуз. Декабрь айында кайра конушубузга кайтып келебиз. Чоң балам окууну бүткөн, экинчиси айылда таятасынын колунда мектепте окуйт. Эки кичинекей балдарыбыз биз менен чогуу жүрө беришет», — дейт З.Кобоева.

 

Уяң жүндүү меринос коюунун жүнүн өткөн жылы 280-300 сомдон сатышкан. Койдун жүнүн кыркымчылар өздөрү кыркып алып кетишет. «Быйыл жүндөрү жакшы, таза болсо килограммын 300 сомго чейин алабыз дешти. Ошол себептен, өткөн жылы күзүндө койлорду ээн калган талааларга айдаган жокпуз. Жүнүнө чекемиктер жармашып калбасын деп, жайлоодо эле бактык. Бизден кээде 20 дан козуларды, кочкорлорду уруктук үчүн сатып кетишет. Андан көп деле пайда болбойт. Меренос койлор кыргыз койлорундай эле баада сатылат. Андан ашыкча баага сатылбайт. Кыргыз койлорун өзүбүз үчүн карамап багабыз», — деп кошумчалады М.Байтиков.

 

Анархан Жаңыбаева,

Жалал-Абад-Бишкек-Талас-Жалал-Абад

Вам может также понравиться...