“Браконьерлер сот тарабынан жазага тартылбай жатат”, — мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы

Жалал-Абад облустук аңчылык департаментинин адистери кийиктин эти менен тартып алган видеосун 1,5 жыл сотто өткөрө албай жүрүшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, экинчи жылга өткөндө гана Кр Башкы прокурорунун 1-орун басары Кылычбек Токтогуловдун жардамы менен кийикти аткан браконьерлер жоопкерчиликке тартылып, штраф салынган. Ошондой эле, 2015-жылы 16-январда Сузак районунун Барпы каналында ток менен балыктарды кармап жаткан жеринен аталган коомдук балдары барконьерлерди матору, балыгы менен кармап, протокол түзүп, аңчылык департаменти аркылуу Сузак райондук сотуна өткөрүп беришкен.

“Ушул материал азыркы күнгө чейин чечиле элек. Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы болушуп, облустук сотко арыз беришкен. Ал эми облустук сот материал негизсиз деп, кайтарып бериптир. Кантип негизсиз болот? Мотор, балыктардын сүрөтү, машинанын номуру турса, анан кантип негизсиз болот?”, — дейт А.Исмаилов.

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...