«Дан азыктарыннын бтндгн, азыктуулугуна жетиш керек»

Кыргызстан агрардык өлкө экендигинде эч кандай талаш жок. Жерди, малды сүйгөн кыргыз дыйканы жана малчысы бүгүнкү күндө да өзүнүн дыйканчылыгын, мал чарбалуулугун жоготкон жок. Тескерисинче алар өзүлөрүн гана эмес элди да багып келе жатат.

Өлкөдө түзүлгөн социалдык- экономикалык шарттар айыл чарбасында да өзүнүн корректировкаларын киргизди. Натыйжада жалпы коллективдүү чарбадан жеке мүнөздөгү дыйкан чарбалары, фермердик чарбалар пайда болду. Жердин, малдын асылдуулугун арттыруу боюнча дыйкан жана малчы өз камын көрө алат. Маселен койлордун, уйлардын котур, шарп ооруларын дарылоо үчүн же картошкага жармашкан коларада коңузуна чара көрүүдө анча кыйналбай эле дары таап алышат.

Бул химиялык заттардын адам өмүрүнө жана айлана чөйрөгө тийгизген тескери таасири тураалуу баарыбыз эле биле бербейбиз. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо боюнча айрыкча дан өсүмдүктөрүн сактоодо ар кандай химиялык уулуу заттар колдонулуп келе жаткан фактылар жок эмес. Мына ошол химиялык заттардын жашообуздагы орду кандай, алардын зыяндуу жактары туурасында жаңыдан түзүлгөн республикалык «ЭКОФУМ» коомдук бирикменини директору Павлов Ян Андреевич бизге буларды айтып берди.

— Сиздердин бирикме кандай кызмат көрсөтөт ошол жөнүндө айтып берсеңиз?

— Алды менен коомдук бирикменин максаты жөнүндө айта кетейин. Максат айыл жана өнөр жай секторунда өндүрүштүк маселелерди натыйжалуу чечүү боюнча жаңы технологияларды кийирүү. Бул үчүн биздин бирикмеге мурдатан бул иште иштеп келген тажырыйбалуу, дасыккан, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, жана айыл чарба химиялаштыруу секторунун адистери жана окумуштууларды топтогонбуз.

Биздин иштин пайдалуу жагы бир жагынан айыл чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн арттырса, экинчи жагынан айлана чөйрөгө болгон зыяндуулукту азайтат. Менини айтайын дегеним, айрыкча дан жана буурчак түрүндөгү азыктар адам керектөөсүнө жеткенге чейин сапатын коромжуга учуратпай, зыянкечтерден сактоо иш аракеттери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй келген.

Кыргызстандагы чоң дан сактоочу кампалар, элеваторлор иштебей калганы менен алар эски сарайларда, жертөлөлөрдө сакталып келе жатат. Ал эми мындай шартта сакталган дандын сапаты да төмөн болот. Орто эсеп менен Кыргызстанда 3 миңден ашык дыйкан чарбалары бар. Ошол дыйкан чарбалардын бары тең дан өсүмдүктөрүнүн коромжуга учуратпоо үчүн дан сактоочу жайларды дезинсекциялоого муктаж. Дан өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы мурда деле санитардык дезинсекциялоо иштери такай жүргүзүлүп келген.

Биздин бирикменин максаты так ошол мурдакы дезинсекциялоо иштерин айыл чарбасында жеңил өнөр жайында кайрадан жолго коюу. Ошону менен бирге эле эски технологияларды жаңы зыяндуулугу жок технологияларга алмаштыруу. Мындайча айтканда бромдуу метилди пайдалануудан баш тартуу иш аракеттерине багыталган. Себеби ал дан өсүмдүктөрүн зыянкечтерден сактап калганы менен планетабыздагы глобалдык проблемалардын бири болгон озон катмарынын жукарып кетишине шарт түзгөндүгүндө.

Дүйнөлүк коомчулук озон катмарын бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча 20 жыл илгери тынчсыздандыгын билдирген. Ошонун натыйжасында озон катмарын коргоо боюнча Эл аралык Вена конвенциясы жана озон бузуучу заттарды пайдаланууну кыскартуу боюнча Монреаль протоколу кабыл алынган. Бүгүнкү күн мына ушул Эл аралык конвенциялардын Кыргызстанда ратификациялланышы өлкөнүн глобалдык проблемаларды чечүүдө локалдык аракеттерди көрүп аткандыгын далилдеп олтурат.

Азыркы кезде күнүмдүк тамак аш азыктары болгон буудай уну, жана башка күрүч, дан азыктардан арпа, жүгөрү, буурчак, төө буурчак өңдүү дан өсүмдүктөрүнүн таза болушуна эч ким кепилдик бере албайт. Ошондой эле дан азыктарын бүлүндүргөн зыянкечтер жок деп айтуудан да тартынасың. Анткени менен Кыргызстанда дан азыктарын коромжуга учуратпоо үчүн алдын ала дан сактоочу жайларды прафилактикалык жактан дарылап турган профессионалдуу адистерден турган ишкана жок болучу.

Тилекке жараша мына биздин бирикме ошондой ишканалардын биринчиси болуп калды. Ал эми бизге белгилүү болгон, данга жармашкан зыянкечтердин 300дөн ашык түрү бар. Мунун ичинен эң көп зыян келтирген 10 түрү: ун кенеси, түктүү кене, кабык жегич каракоңуз, шиш тумшук, дан жегичтер, жонуучулар капюшондуулар,, чөнтөк күбөлөр, шайтан көпөлөк, чычкан сымал кемирүүчүлөр кирет.

Булардын ичинен кыйла коркунучтуулары шиш тумшук, дан жонуучу, хрущак жана ун жегичтер болуп саналат. Эгерде зыянкечтерден сактануунун иш чараларын алдын ала жүргүзбөсө биздин маалыматтарга караганда дан азыктары 20 дан 50 процентке чейин коромжуга учурайт.

Мындан тышкары бул зыянкечтер текстил жана тери буюмдарды музей экспонаттарын, бүлүндүрүп жеп жоготот. Мындай зыянкечтерден фумиганттарды колдонуу аркылуу арылып келген. Фумигация бул түтүн чыгарып дарылоо, деп аталат. Фумигация электрдин же бензиндин жардамы менен ысык жана муздак туманды кое берет. Фумигация түшүм жыйнаганга чейин жүргүзүлүш керек. Фумигациялоо иштери кампалар, бош элеваторлор, ун чыгарган ишканалар, заводдорго, сода сатык базарларындагы текстил жана тери буюмдарын сактоочу контейнерлерге таандык.

Бул зыянкечтерден кутулуу үчүн Кыргызстанда кеңири тараган түрү бромдуу метил болуп эсептелет. Кыргызстан бромдуу метилди өндүрбөйт. Мындай фумиганттар Израилден жана Украинадан ташылып келинет. Ушул күнгө чейин бромдуу метилдин пайдаланууда анын зыяндуулугу тууралуу маалыматтын жоктугу. Дан сактоочу жайларды Фумигациялаган учурда абадан жеңил болгондуктан бромдуу метил атмосферага тез көтөрүлөт жана озон катмары үчүн өтө коркунучтуу зат болуп эсептелет.

Экинчиден аны алмаштыра турган (альтернативдик) технологиялардын колдонуу аракети көрүлбөгөндүгү. Биздин бирикме мына ошол озон катмарына зыяны жок, альтернативдик заттарды пайдаланууну айыл чарбасында, өнөр жайда жайылтуу максатын көздөйт. Мындай альтернативдик дары-дармектерге Фосфин тобундагы перепараттар кирет. Дезинсекциялоодо фосфин дандын сапатын өзгөртпөйт жана анын үрөндүк касиетин жоготпойт. Эң башкысы озон катмарына тескери таасирин тийгизбейт.

Азыркы күндө Кыргызстанда бромдуу метилди башка жактан ташып келүүгө жана пайдаланууга тыюуу салынган. Ошого карабастан коңшу Кытайдан контрабанда түрүндө келип жаткан фактылар жок эмес. Мындай көрүнүшкө жол бербөө иретинде Бажы кызматы кирип келе жаткан товарларга көзөмөлдү күчөтүшү керек. Ушундай комплекстүү аракеттер аркылуу дан азыктарынын бүтүндүгүнө, азыктуулугуна жетишүү, ошондой эле жалпы планетардык проблема болгон озон катмарын сактоого өз үлүшүбүздү кошуу. Мындайча айтканда глобалдык проблемаларды чечүүдө локалдык аракеттерди көрүү зарыл.

Чинара Урусова

Вам может также понравиться...