Дүйнө жүзүндөгү адам баласынын келечеги, кийинки муундун жашоо тиричилиги жөнүндө кам көргөн Глобалдык Экологиялык Фондунун ПАЛМ (РАLМ- Раmir Аlаi Lаnd Маnаsеmеnt) Памир Алай тоолуу жериндеги элдин турмуш-тиричилигин, экономикасын жерди туруктуу пайдалануу жолу менен которуу багытында ( проект)-долбоору Кыргызстанда 2009-жыл апрель айынан бери ишке ашып өз ишин баштаган. Бул долбоор трансграничный, башкача айтканда, чек ара алкагында долбоор деп аталат. Себеби, бул долбоорго Кыргызстандан 4 айыл округу, Тажик Республикасынан 6 айыл округдары тандалып алынган.
2005-жылдан 2009-жылга чейинки изилдөөлөрдүн, аныктоолордун жыйынтыгы менен биздин 4 айылдык округдарында жамааттар түзүлүп, өздөрүнүн аныктаган идеяларынын негизинде кичи долбоорлорду жазуу мүмкүнчүлүктөрүнө жетишишти.
Жазылган бардык долбоорлордун ичинен 30 долбоор Германия мамлекетинин Бонн шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Университеттин окмуштууларына сунушталып, сунушталган долбоорлор аталган университеттин окмуштуулар кеңешинде талкуулоолордон өткөрүлүп жактырылып, жамааттардын койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн каржы маселеси дүйнөлүк банк тарабынан каржыланары чечичлген. Каржы маселеси Ош коогалаңына байланыштуу кечигип башкача айтканда 2010-жылдын 2-июлунда каржыланганына карабай, жамааттар максат кылып койгон өз иштерин ишке ашыруунун үстүндө үзүрлүү эмгектенишип бир топ ишти аткарууга жетишишти. (далее…)