III Республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алуусун жарыялайт
Кинофестивалга кинематографияга кызыккан 7 жаштан – 17 жашка чейинки мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго,10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма төмөндөгү форматтардын биринде болуусу зарыл (mov, mp4, m4v, mpeg). Ар түркүн жанрдагы тасманы тартууга уруксат берилет: комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация, документалдык ж.б.
3-чү кинофестивалдын темалары “Бул менин дүйнөм!” же «Мен жана табият». (далее…)









