Адам баласынын келечеги үчүн камкордук көрөлү
Учурунда орус ботаниги Мичуриндин «Жаратылыштан ырайым күтүп отура бербей андан алуу керек» деген сөзү учурдун талабына, жашоосуна дал келбей калды көрүнөт. Табиятка аяр мамиле жасоону колго албай табияттын байлыгын үнөмсүз ысырапкерчилик менен чаржайыт пайдалануунун жыйынтыгы учурдагы көйгөйлүү абалга дуушар кылып отурат.
Дүйнөлүк экологдордун адам баласынын келечеги жөнүндө терең ойго батып проблема көтөргөндүгүнүн маңызы мына ошондо. ГЭФ⁄ЮНЕП⁄БУУнун ПАЛМ долбоорунун негизги алдына койгон максаты келечек муундарга табиятыбызды канткенде сактап, келечек муундардын жашоону улантып кетүүсүнө шарт түзүү. Мына ушундай проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштешипжер үстүндөгү элдин жашоосунун келечеги үчүн кам көрүү менен БУУнун алдындагы университеттин аалымдары PALM долбоорун иштеп чыгышкан. (далее…)






