Адам баласынын келечеги үчүн камкордук көрөлү
Учурунда орус ботаниги Мичуриндин «Жаратылыштан ырайым күтүп отура бербей андан алуу керек» деген сөзү учурдун талабына, жашоосуна дал келбей калды көрүнөт. Табиятка аяр мамиле жасоону колго албай табияттын байлыгын үнөмсүз ысырапкерчилик менен чаржайыт пайдалануунун жыйынтыгы учурдагы көйгөйлүү абалга дуушар кылып отурат.
Дүйнөлүк экологдордун адам баласынын келечеги жөнүндө терең ойго батып проблема көтөргөндүгүнүн маңызы мына ошондо. ГЭФ⁄ЮНЕП⁄БУУнун ПАЛМ долбоорунун негизги алдына койгон максаты келечек муундарга табиятыбызды канткенде сактап, келечек муундардын жашоону улантып кетүүсүнө шарт түзүү. Мына ушундай проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштешипжер үстүндөгү элдин жашоосунун келечеги үчүн кам көрүү менен БУУнун алдындагы университеттин аалымдары PALM долбоорун иштеп чыгышкан.
ГЭФ⁄ЮНЕП⁄БУУнун «Бийик тоолуу Памирде жана Памир-Алайда жерди туруктуу башкаруу – Борбордук Азиядагы трансчегаралык демилге» долбооруна Тажикстан Республикасынан 6 айыл округу, Кыргыз Республикасынын Ош областынын 4 айыл округу тандалып алынган.
Албетте, бул айыл округдарынын алдына өзүнчө коюлган проблемалардын үстүндө иштөө ме¬нен кичи долбоорлор жазылып, Кыргыз Республикасынын 4 айыл округунан 30 кичи долбоор жүзөгө ашкан.
Башкача айтканда деңиз деңгээлинен 3100-3200 метр бийиктикте жайгашкан Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл ок¬ругунан 8 долбоор фасилитатору К. Андаров, тоолуу Кара-Кулжа районунан Алай-Куу айыл округунан 5 кичи долбоор фасилитатору Р. Абдымомунов, Алай районунан Жошолу айыл округу¬нан 12 кичи долбоор фасилитатору О. Коланов ошондой эле Ленин айыл округунан 5 кичи долбоор фасилитатору А.Аттокуров иш алып барышууда. Жалпылап айтканда 30 кичи дол¬боор БУУнун алдындагы университетинин аалымдар кеңешинде жактырылып тандалып алынган.
Учурда бул кичи долбоорлор өз иштерин жемиштүү жүргүзүшүүдө. Алсак, талаачылык боюнча бардык айыл округдардагы иштердин жыйынтыктары план боюнча аткарылып жатат. Жалпы долбооолоодүн ишке aшуусунун жыйынтыгы PALM дын Оштогу офисинин жетекчиси К.Ш. Аттокуров мониторинг жүргүзүүсүнүн жыйынтыгында байкалды. Ошондой эле 4-5 ноябрда Жошолу айыл округунда өткөрүлгөн «Тоолуу экосистеманы сактоо жана жакырчылыкты жоюу боюнча жергиликтүү жамааттардын тажрыйбаларын жайылтуу» семинарында бардык аткарылган иштер боюнча жеринде көрүп таанылган кичи долбоорлордун иши алгылыктуу абалда жүрүп жаткандыгына күбө болдук. Ар бир семинардын катышуучуларында келечек жөнүндө экологияны коргоо боюнча кеңири маалымат пайда болуу менен мындан ары дагы кандай иштерди аткарсак деген ой-сезими пайда болду.
Кол өнөрчүлүк боюнча Жошолу, Ленин, Кашка-Суу айыл округдарынын жамаат мүчөлөрү алгылыктуу иш чараларды жасагандыгы семинардын жүрүшүндө анык болду. Жошолу айыл округунда Боз үйдүн толук эмеректери менен жасалгаллангандыгы, ата-бабадан калган кол өнөрчүлүктөрдү улантууда, Кашка-Суу айыл округунда «Каш¬ка-Суу Ийгилик» жамаатынын жетекчиси Бүүзарбап Калбаеванын жетекчилиги ме¬нен согулган килемдер ж.б. семинардын катышуучуларына көрсөтүлүп алкышка ээ болду.
Бал өндүрүүнүн ыкмалары Жошолу жана Ленин айыл округдарында өзгөчө жаңылануу жолу ме¬нен ишке ашырылып, ал эле эмес Ленин айыл округу жаңыдан турмуш кургандарга бирден аары уясын белекке берүү салтын колго алышты. Кашка-Суу айыл округунда Экотуризмди өнүктүрүү боюнча жеткиликтүү иш алып барууда.
Алайкуу айыл округунда малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча демилге көтөрүлүп, башка жактан асыл тукум баалуу кочкорлор сатылып алынган. Жайыттардын айрыкча, жакынкы жайыттардын 50 -70% жер кыртышынын бузулушун эске алып, алыскы жайыттарды пайдалануу идеясы колго алынып, бул чарбаны уюштуруу иштери да купулга толорлук аракетте.
Мына ушундай кичи долбоорлордун ишке ашуусу менен жалпы элдин табиятка болгон мамилесин, билимдүүлүгүн арттырып, адамзаттын келечеги үчүн терең ойлонуп кам көрүү учурдагы коомчулуктун экологияны коргоого багыт берип тарбиялоонун бир жолу деп атасак да туура болот.
Жер энеге чарба күтүүдө катуу басым жасалууну азайтып, ага атаандаш чарба жүргүзүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгып, жалпы чарбагерлерге, элге сунуштоо бүгүнкү күндөгү экологиялык оор кырдаалдын талабы экендиги талашсыз.
Мындай экологиялык оор абалдын алдын алуу максатында биздин Кыргыз¬стан Республикасында жайыт боюнча курч маселе көтөрүлүп, жайыт боюнча мыйзам кабыл алынган. Жайыттардын катуу жабыркоосунун алдын алуу боюнча, малдын өтө коркунучтуу ыландарынын алдын алуу боюнча жана талаачылык жөнүндө да PALM долбоорунун каржылоосу менен улуттук офистин жетекчиси Т. Маматовдун жетекчилиги менен бардык тандалган айыл округдарында маңыздуу, жеткиликтүү семинарлар өз деңгээлинде өткөрүлдү.
Аталган айыл округдарындагы фа¬уна, флораларда айрым бир өсүмдүктөрдүн, айрым бир жаныбарлардын фитопланктондордун, зоопланктондордун сейректелип жоголуп бара жатышы да экологиялык тең салмактуулуктун өзгөрүп бара жаткандыгынын белгиси деп эсептөөгө туура келет. Айрым жарыбарлар жок болуп бара жаткандыгына байланыштуу кызыл китепке катталуу абалында турат. Ошондуктан өзүбүздүн жараткан тартуулаган кооз, сулуу башка эл суктанаарлык жерибизди, чөйрөбүздү коргоо аны алгачкы калыбына келтирүү, азыркы ар бир атуулдун негизги милдети.
Ошондуктан өз жерибизди коргойлу, сүйөлү!