Жалал-Абадда ЖК депутаттарынын катышуусунда жазгы талаа иштерин даярдоо боюнча коомдук угуу болду

Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында 14-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда жазгы талаа иштерин даярдоо боюнча коомдук угуу болуп, анда райондордон келген дыйкандар жерди айдап, себүү жана үрөөн сатып алуу, жер семирткич менен камсыз кылуу маселеси боюнча өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.

Коомдук угууга ЖКнын депутаттары: Роза Акназарова, Абдумиталип Кочкорбаев, Эсенгул Исаков, Акуналы Досалиев жана КР айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков, облус губернатору Азизбек Турсунбаев, район-шаарлардын акимдери менен мэрлери, айыл өкмөт башчылары, жеке дыйкан чарба жетекчилери катышты. Министр А.Жаныбеков коомдук угуунун катышуучуларына аткарып жаткан иштери боюнча кыскача маалымат берди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү тарабынан үрөөн сатып алуу үчүн 50 млн. сом акча бөлүнгөн. Анын 12 млн. сому кылкандуу дан үрөөнүн, 20 млн. сомуна көп жылдык чөптүн үрөөнүн сатып алуу каралган. Ар бир облуска кылкандуу дандын үрөөнүн сатып алуу боюнча бөлүштүрүү берилген.

«Жалал-Абад облусуна 120 тонна буудай, 14 тонна арпа, 40 тонна көп жылдык чөптүн үрөөндөрү таркатылып берилди. Республика боюнча 125 тонна көп жылдык чөптүн үрөөнү сатып алынган болсо, ошонун 40 тоннасы Жалал-Абадга бөлүндү, дагы 12 тонна алуу маселеси турат. Коомдук үрөөн фондун түзүү боюнча айыл чарба министрлиги эки багытта иш алып барды. Биринчи багытта азык-түлүк коопсуздугу боюнча Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында, Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол айылдарында иш алып бардык. Облуста үч коомдук фонд түзүлүп, 7,5 тонна буудай, картошка элге берилген»,- деди А.Жаныбеков.

Ал эми экинчи багытта тоют камдоо боюнча Базар-Коргон районунун Кеңеш айылына, Ноокен  районунун Масы менен Шайдан айылына, Сузак районунун Таш-Булак айылдарында коомдук фонддор түзүлгөн. Бул жерге да арпадан 9 тонна, 1,5 миң тонна беде үрөөнү берилип, муну дыйкан фермерлер колдонуп жатат. «Азыркы учурда буудай, арпа, жүгөрүнүн үрөөнү кайсы үрөн чарбада бар экендигин атайын жарнама аркылуу берип жатабыз. Республика боюнча 188 үрөн чаба бар. Ошол үрөн чарбалар сапаттуу үрөөндөр менен дыйкандарды камсыз кылышы керек. Тилкке каршы, кээ бир үрөөн чарбалардын аты эле бар. Бир килограмм да үрөөн өндүрө албайт. Ошол себептен, быйылкы жылы айыл чарба министрлиги бардык үрөн чарбаларды кайрадан каттоо жүргүзөт. Талапка ылайык иштебеген үрөн чарбалардын статусун алып, жоюуга туура келет. Мыкты үрөн өндүрүп жаткан дыйкан чарбаларга статус берүү жагы каралат», — дейт министр.

Андан кийин, КР айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев коомдук угуунун катышуучуларына Жалал-Абад облусунун аймагында  жазгы талаа иштеринин даярдыгы боюнча маалымат берди. Коомдук угууга келген дыйкан чарба жетекчилери, фермерлер министр менен депутаттарга тиешелүү суроолорду беришип, акырында жоопторду алышты.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...