Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталып, 3 млн. 237 миң сомдук доо коюлган

О ситуации с горнорудными компаниями в Джалал-Абадской области от Анархан Жаныбаевой

Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасы 2011-жылга карата бекитилген иш планга ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагындагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылып, мамлекеттин экология жаатындагы саясатын ишке ашырып келди. өткөн жылдын аралыгында 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталып, 3 млн. 237миң 140 сом доо коюлган. Бул туурасында аталган башкармалыктын жетекчиси Рысбек Акеншаев билдирди.

Анын айтымына караганда, коюлган доонун ичинен 341и жаратылышка келтирилген зыяндан  2 млн. 930 миң 737 сом өндүрүлгөн. Ал эми коюлган суммага карата  өндүрүү пайызы  91 пайызды түзгөн. өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу коюлган сумма 145 пайыз, өндүрүү 181 болгон.

«Жаратылышка келтирилген зыян негизинен жер ресуртары боюнча 2 млн. 139 миң 295 сомго 163 доо жана өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча 1 млн.35 миң 202 сомго 162 доо коюлган. Мындан сырткары, калдыктар боюнча 28 миң сомго 31 доо, балык запастары боюнча 22 миң 204 сомго  28 доо, жаныбарлар дүйнөсү боюнча 12 миң 439 сомго 8 доо коюлган. Башкармалык боюнча жыл ичинде 76 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен өткөн жылы берилгендери менен биригип 50 материал боюнча оң чечимдер кабыл алынган, калгандары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сот органдарына 24 материал өткөрүлүп берилди жана өткөн жылы берилгендери менен кошулуп 13 материал боюнча оң чечимдер чыкты», — дейт Р.Акеншаев.

Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймагында алтын казып алуучу жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн компаниялардын жаратылышты коргоо жаатындагы ишмердүүлүктөрү көзөмөлгө коюлуп, жыл ичинде компанияларга 1926344,38 сом доо коюлуп өндүрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасынын жана Мамлекеттик агенттиктин 2011-жылдын 4-октябрдагы буйругуна негизденип, фирмаларга пландан сырткары текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында жалпысынан 6 фирманын ишмердүүлүктөрү аныкталып, ал жердеги иш кемчиликтерди жоюуга чейин убактылуу токтотулган.

«Фулд Голд Майнинг» ЖЧКна 1 млн. 605 миң 328 сомдук айып салынган

Р.Акеншаевдин айтымында, Ала-Бука районунун Иштамберди участкасында «Фулд Голд Майнинг» ЖЧК ишканасы бардык инфраструктурасы менен алтын байытуучу фабрикасынын курулушун жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №523 токтомуна ылайык, 137,43 га жер аянты «өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулган.

Компанияны тескөө учурунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталып, 2011-жылдын 11-июунунда протокол түзүлүп,  1621397,38 сом доо коюлган. Анын ичинен  жер кыртышынын түрдүү катмарын бузгандыгы үчүн 1 млн. 605 миң 328 сом, тоо-кен жумуштарын жүргүзүүдө дарак-бадалдарга залакат келтирүүдөн өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн  14078,34 сом доо коюлуп материалдар Жалал-Абад райондор аралык сотко өткөрүлүп берилген.

КР өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу О.Бабановдун тапшырмасынын жана Мамлекеттик агенттиктин 2011-жылдын 4-октябрдагы буйругунун негизинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлүп, тийштүү жаратылышты коргоо курулуштары курулбагандыгы, Иштамберди сайынын суу коргоо зонасынын таштандылар менен булгануусу, Хвостохранилищанын курулушу долбоорго дал келбестиги, жана өндүрүштүк саркынды суулардын түбүнөн сиңип сай жээгинен чыгышы аныкталган. Натыйжада,  2011-жылдын 7-октябрдагы КР өкмөтүнүн токтому менен мекеменин ишмердүүлүгү токтотулган. Токтомго баш ийбегендиги боюнча «Фулд Голд Майнинг» ЖЧК фирмасынын иши Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, «Казакмыс Голд Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому Ала-Бука районуна караштуу Кок-Таш айылдык округунун Бозымчак участкасында жайгашкан. Учурда бул компания тарабынан алтын байытуучу фабрика жана ага тиешелүү инфраструктуралардын курулушуна ВЛ-110 жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылып жатат. КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы №595 токтомуна ылайык, 260,4 га жер аянты «өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулган.

«Аталган компанияны тескөө учурунда жаратылыш мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө 2010-жылы 9-июнда протокол тузүлүп, жалпысынан  47056,24 сом  доо коюлган. Анын ичинен 35056,24 сом бадал өсүмдүктөрүнүн өсүүсүнө залал келтиргендиги үчүн, калган 12 миң сом жер кыртышынын кырдуу катмарын бузгандыгы үчүн коюлган жана 1 миң сом административдик айып салынып, коюлган доолор менен административдик айып толугу менен өндүрүлгөн», — дейт башкармалыктын  башчысы.

Ала-Бука районунун Каратюбе-Бузук участкасында ОсОО «Эвентус» фирмасы алтын казуу иштерин жүргүзөт. КР премьер-министринин милдетин аткаруучу О.Бабановдун тапшырмасынын жана Мамлекеттик агенттиктин 4.10.2011 ж. №182-км буйругунун негизинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтердин негизинде 2011 – жылы 6-октябрдагы токтому менен ишмердүүлүгү токтотулган. Аныкталган кемчиликтерди убагында жойгондугуна байланыштуу ишмердүүлүгү кайра жандандырылган.

«Ала-Бука районунун Кара-Төбө участогунда «Хайленд Эксплорейшен» компаниясы алтын кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп келет. Бирок компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышын так сактабай 14073м2 жер кыртышына зыян келтирип, 1 млн. 129 миң 440 сомго жана  кошумча жолдорду салууда 8- арчага зыян келтирилип, 25940,15 сомго доо коюлуп толугу менен өндүрүлдү», — деди Р.Акеншаев.

Мындан сырткары, ОсОО  «Долина Кассана» фирмасынын филиалы Ала-Бука районунун  Баймак участкасында Касан дарыясынын нугунда алтын казып алуу иштерин жүргүзөт. Пландуу текшерүү мезгилинде 15 миң сом доо жана 2 миң сом административдик айып салынган.

ОсОО «Чаткал-17» компаниясына 792620,72 сомго айып салынган

Чаткал районунун Куру-Тегерек жана Сулу-Тегерек участкасында Фирма «Фонта» ЖЧКсы алтын казуу иштерин жүргүзөт. Аталган компанияны тескөө учурунда алар тарабынан алтын жуучу приборду оңдоо жана карьеди даярдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган.

Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасы тарабынан алынган маалыматка караганда, 2011-жылдын 13-июндагы жаратылыш мыйзамдарын бузгандыгы боюнча аталган компанияга карата протокол түзүлгөн. Жер кыртышын күйүүчү жана майлоочу майлар менен булгагандыгы үчүн  1440 сом, эки түп бадал өсүмдүктөрүнө келтирилген зыян үчүн 762 сом доо коюлуп, ал өндүрүлгөн. Участок башчысына 1000 сом административдик айып салынып, өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, Чаткал  токой чарбасы тарабынан 2011-жылы 19-апрелдеги протоколу менен 145143 сом жана  8-сентябрдагы протоколу менен 44250,4 сом доо коюлуп, өндүрүлгөн. КР премьер-министринин милдетин аткаруучу О.Бабановдун тапшырмасынын жана Мамлекеттик агенттиктин 2011-жылы 4-октябрдагы №182-км буйругунун негизинде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлүп, 2011-жылы 6-октябрдагы токтом менен ишмердүүлүгү токтотулган.

Ошондой эле, ЗАО «Чаарат ЗААВ» компаниясы райондун Пскем жана Сандалаш тоо кыркаларынын алкагында жайгашкан. Аталган компания 60460 га аянтында алтын, сурма жана башка темир кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөт. Компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышын так сактабай 7080м2 жер кыртышына зыян келтирген. Анын кесепетинен 35 миң 400 сомго, кошумча жолдорду салууда 3- арчага зыян келтирилип, 1907,28 сомго доо коюлуп, ал сумма өндүрүлгөн.

Ала-Бука жана Чаткал райондорунун «Верхнекассанской площади» участогунда ОсОО «Чаткал-17» компаниясы геологиялык чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзүп келет. Пландуу текшерүүдө протокол түзүлүп, 792620,72 сомго доо коюлуп, ал сумма толугу менен алынган.

Чаткал районунун Чанач участкасында ОсОО «Chanach» (Чанач) компаниясы чалгындоо иштери менен алектенет. Пландуу текшеруу учурунда жаратылышка келтирген зыян боюнча протокол тузулуп, 172948,88 сомго доо коюлуп толугу менен өндүрүлгөн. Райондун Жамгыр участкасында ОсОО «Вертекс Голд Компани», жер алдынан алтын рудасын казып алуу менен алектенент. Пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3.09.2011-жылы №0007747 протоколу түзүлүп, 2500 сомго административдик айып салынып, аталган сумма төктүрүлгөн.

Аталган райондогу ОсОО «Кай Интерпрайз» фирмасы «Чанач» алтын кен участасында 2011-жылдын июль айынан тартып иш жүргүзүп келет. Алтын кенин казып алуу Чанач сайынын нугунда жүргүзүлөт жана токой каптаган аянт болуп саналат. Алтын казууда пайдаланылган суунун тунунктугун камсыздай албагандыгына байланыштуу ишмердүүлүгү 2011-жылы   7-сентябрдагы токтом менен иши токтотулган. Ал эми ОсОО «Касансай–Ата» фирмасы райондун «Нижний-Бузук» участкасында алтын казып алуу иштерин жүргүзөт. Пландуу текшерүүнүн жыйнтыгы менен 6.09.2011-жылы протокол түзүлүп, 109652,92  сомго доо коюлуп, ал толугу менен өндүрүлгөн.

«Жалпысынан башкармалык боюнча жыл ичинде 76 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен өткөн жылы берилгендери менен биригип 50 материал боюнча оң чечимдер кабыл алынган, калгандары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сот органдарына 24 материал өткөрүлүп берилди жана өткөн жылы берилгендери менен кошулуп 13 материал боюнча оң чечимдер чыкты.  Жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондуна 2011-жылдын ичинде жалпысынан 14160,3  миң сом кириштелген. Анын ичинен жыл ичинде облустун аймагындагы жаратылышты коргоо иш чараларына 4655,4  миң  сом каражат бөлүнгөн», — дейт  Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасынын башчысы Р.Акеншаев.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...