Жалал-Абад облусу – энергетиканын борбору (макала)

MHS.Джалал-Абадская область сердце энергетики Кыргызстана. О значении, проблемах и перспективах ГЭС и МиниГЭС.

«Энергетика – экономиканын локомотиви» — деп бекеринен айтылбаса керек. Ал эми Жалал-Абад облусу – энергетиканын борбору болуп саналат. Облус аймагында 6 гидроэлектр станциялары жайгашкан. Аларды атай турган болсок: Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 ГЭСтери бар. Акыркы жолу Камбар-Ата-2 ГЭСинин 120 МВт кубаттуулукта иштей турган 1-агрегаты ишке берилген. Ал жердеги үч агрегаты толук ишке берилсе, жалпы 360 МВт кубаттуулактагы электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай жана энергетика бөлүмүнүн башчысы Талантбек Мамасадыковдун берген маалыматына караганда, облустун жалпы өнөр жай көлөмүнүн 46 пайызын түзгөн энергетика тармагында өткөн жылы бир топ жетишкендиктер болгон. Атап айтсак, 13976 млн.кВт/саат электр энергиясы иштелип чыккан. Анын ичинен Токтогул ГЭСтер Каскады аркылуу 9566,2 млн.кВт/саат, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы аркылуу 4015 млн.кВт/саат, Камабар-Ата – 2 ГЭСи аркылуу 394,7 млн.кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

«Өткөн жылы Токтогул ГЭСтер Каскады 4 млрд. 561 млн. 455 миң сомдук, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы 1 млрд. 921 млн. 231 миң сомдук, Камбар-Ата-2 ГЭСи 177 млн. 856 миң сомдук электр энергиясын иштеп чыгарды» — дейт өнөр жай жана энергетика бөлүмүнүн башкы адиси Бектемир Эрматов.

Бөлүм башчы Т.Мамасадыковдун айтымында, келечекте 1900 МВт кубаттулуктагы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу пландаштырылып жатат. Облустагы гидроэлектр станциялары өткөн жылы 13-14 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарды. Бул Кыргызстандагы иштелип чыккан электр энергиясынын 90 пайыздан ашыгын түзүп, Орто Азия жана Казакстан мамлекеттерине 2,5 млрд. сомдук электр энергиясы экспорттолду. Мындан сырткары, келечекте Нарын дарыясына 22 электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо 30 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарууга болот.

«Камбар-Ата – 2 ГЭСнин курулушун мындан ары улантуу боюнча кызыктар тараптар менен биргеликте инвестиция тартуу керек. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 150 млн. АКШ долларында инвестиция талап кылынат. Долбоор ишке ашырылып калса, иштелип чыккан электр энергиясы орточо 1 млрд. кВт/саатты түзөт. Ал эми 1900 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 2,5 млрд. АКШ долларындагы инвестиция тартуу керек. Эгерде бул долбоор ишке ашып кала турган болсо, анда 5 млрд. 114 млн. кВт/саат электр энергиясы иштелип чыгат», — дейт Т.Мамасадыков.

Ал эми КР Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин 8- февралдагы отурумунда «Камбар- Ата-2 ГЭСин Камбар-Ата-1 ГЭСинен кийин куруу керек болчу», — деген пикирин билдирген.  Анын сөзүнө караганда, “Камбар- Ата-2” ГЭСин курууга 100 миллион доллар жумшалган. Ал каражаттын көпчүлүгү уурдалып кеткендигин айткан. «Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн түндүк облустарына жеткирүүгө шарт болбой жатат. «Мында бир эле линия иштейт. Коңшу өлкөлөргө көз карандылыктан кутулуу үчүн адегенде “Датка — Кемин” электр линиясын куруу керек болчу”,- деген А.Шадиев ЖКнын атайын отурумунда.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан энергоресурстар жана геоэкологиялык илимий изилдөө институтунун директору Абдисатар Досбаевдин берген маалыматына караганда, облуста чоң ГЭСтерден сырткары да, кичи ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстандын түштүк аймагынын потенциалы жогору. Адистер тарбынан облустагы 11 кичи дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы иликтенип, ага өздөрүнүн баасын беришкен. «Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык,  жылына орточо 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыга турган 30 дан ашык жалпы 250 МВт кубаттуулуктагы жаңы кичи ГЭСтердин долбоорлорун ишке ашырууга боло тургандыгы белгилүү болгон. Кубаттуулугу 60 киловаттан 1 мегаваттка чейинки орнотулган чакан ГЭСтер 1-3 жылда өзүн актайт», — дейт А.Досбаев.

“Датка-Кемин” электр линиясынын курулушу Кыргызстанды энергетикалык көз карандылыктан куткарат

КР өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасында өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан чыгаруу жана электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча атайын иш-чаралар каралган. Анда биринчи кезекте «Датка-Кемин” электр линиясынын курулушун тездетүү маселеси турат. Электр тармагындагы экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы электр линияларын узартуу боюнча мамлекеттер аралык «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу болуп саналат. Нарын дарыясынын жогорку ГЭС Каскадынын жана Сары-Жаз дарыясындагы ГЭС Каскадынын курулуштарын тездетүүнү өкмөт өзүнүн программасында белгилеген. Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жогорку деңгээлдеги адистер керектелээри айтылган.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өз алдынча энергия берүү линиясы жок болгондуктан, коңшу мамлекеттерге көз каранды болуп келген. Борбордук Азия мамлекеттери үч жылдан бери жалпы энергетика шакекчесинен чыгып кетебиз деген талабынын негизинде гана өлкөбүз өз алдынча электр линияларын курууга киришти. “Эгерде Казакстан менен өзбекстан жалпы энергетика шакекчесинен чыга турган болсо, Кыргызстандын түндүк аймагы 60 пайызга, түштүгү болсо 40 пайызга электр жарыксыз калат”, — деп адистер айтып жатышат.

Өткөн жылдын 28-июлунда Базар-Коргон районунун Акман айылында кытайлык компания «Датка» 500 киловольттук электр подстанциясынын курулушун баштады. Жалпы долбоордун суммасы 208 млн. АКШ долларын түзөт. Аталган долбоордо 220 кВ Кристалл, Октябрский, Узловая, Алай көмөк чордондор  реконструкцияланып, Күрп-Сай ГЭСинде  релелик коргонуу жана автоматташтыруу  системалары жаңыланат. Курулуш иштерин он сегиз айдын ичинде бүткөрүү жагы күтүлүүдө. Аталган насыяны төлөөнү электр тармактар ишканасы өзүнө алган.

“Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында электр энергия берүү маселесинде энергетикалык көз карандылык  маселеси чечилет”, — дейт облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева.

Аталган долбоорду ишке ашырган кытайлык “Лимитед TBEA” компаниясы менен долбоордун баасы боюнча азыркы учурда сүйлөшүүлөр дале уланууда. Кытайлык тарап курулушка кете турган чыгымдарды мурда бекитилген техникалык негиздемедеги суммадан отуз беш миллион АКШ долларга ашыкча көрсөткөн. Ал эми кыргыз өкмөт башчысы өмүрбек Бабанов энергетика министрлигине долбоордун анык баасын тактоону тапшырган.

“Жалалабатэлектро” ААКсы жоготууну 20 пайызга азайтты

Кыргызстанда быйыл кыш оор болуп, бирок кычыраган суук маалында мурдагы жылдарга караганда Жалал-Абадда электр энергиясын өчүрүүлөр аз болду. Жалал-Абад шаарынын тургундары электр энергиясы үчүн акчаны 15-февралдан баштап электрондук ыкма менен төлөй башташты. Мына ушул атакарылган иштери боюнча “Жалалабатэлектро” ААКнын генералдык директору Салайдин Авазов төмөндөгүчө ой бөлүштү:

— Биздин компания элдерге электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылып турушу керек. Жылдан – жылга авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу биздин негизги милдетибиз. Кышка даярдык боюнча иштерди алдын-ала белгилеп алып, ошону жасагандыктын негизинде, быйыл кыш катуу болгондугуна карабай, мурдагы жылга караганда авариялык өчүрүүлөр 34кө аз болуп жатат. Бул ийгиликтерге электр энергияны жоготууну 20 пайызга азайтуу менен жетиштик. Мурдагы жылдары жоготуу 32-42 пайыз болуп жаткан болсо, биз аны 15-16 пайызга азайттык. Эми бул деген 1 пайызыбыз 10 млн. сомго экономдоону алып келет. Ал эми 15-16 пайыз деген 150-160 млн. сомго үнөмдөө болду дегенди түшүндүрөт. Электр энергиясын жоготуусуз (пайдалуу) жеткирип берүү мурда 79 пайыз болсо, өткөн жылы 99 пайызды түзгөн. Электр энергиясы үчүн акча топтоо мурдагы жылдары (2007-2010-жылдары) 70 пайыздын тегерегинде болуп келген болсо, 2011-жылы бул 90 пайызга чыкты. Мындай жетишкендиктер буга чейин болгон эмес. Ошондой эле, электр энергия үчүн элден акча топтоо акыркы 5 жыл аралыгында 50 пайыздын тегерегинде болчу, быйыл 86 пайызга чыкты. өзүңүздөр жакшы билесиздер 2010-жылга караганда, 2011-жылдын 1-кварталында тариф эки эсе азайды. Ошол тарифтин азайганына карабастан, биз өзүбүздүн ишти жакшы жылдыргандын негизинде мурдагы жылга караганда, өткөн жылы аз тариф менен 150 млн. сомго акчаны көп топтодук. Бул көрсөткүчтөр “Жалалабатэлектро” ААКнын коллективинин аябай чоң жетишкендиктери деп атоого болот, — деди  С.Авазов.

Анын айтымында, “Жалалабатэлектро” ишканасы тарбынан дебитордук жана кредитордук карыздардын саны да азайыптыр. Мурда дебитордук карыздар 24-30 пайыздын тегерегинде болсо, быйыл 10 пайызды түзгөн. Ошондой эле, элдин электр энергияга болгон карызы бир миң сомдун айланасында болуп келсе, 2011-жылы бир абоненттин карызы 678 сомдун тегерегинде турат. Аталган ишкананын кредитордук карыздары 2008-жылы 395 млн.сом болсо, ал жылдан-жылга жүз  млн. сомго өсүп отуруп, 2010-жылы 519 млн. сомго жеткен. өткөн жылы ишкана кредитордук карызды 390 млн. сомго азайтууга жетишишкен. Мындайча айтканда, 2011-жылы 150 млн. сомго жакын кредитордук карыздарын азайткан.

“Бүгүнкү күндө соцфонддон, салыктан, эмгек акыдан карызыбыз жок. Убагында берип жатабыз. Мурдагы жылдары 50-90 млн. сом менен зыян тартып (убытка) чыгып жатсак, быйыл биз 50 млн. сомдон ашык киреше менен чыгып жатабыз. Мурда иштеткен электр энергиясы үчүн элдин колунан дүмүрчөк берип акча топтоп келген учурда кандайдыр бир көз боочулук болуп калат эле. Биз ушунун үстүнөн иштеп, үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан баштап Жалал-Абад шаарында электрондук акча төлөө ыкмасына өттүк. Соткалар аркылуу вебкассаларда бирдик толтургандай эле, электр энергиясы үчүн акча салса болот. Бүгүнкү күндө шаарда топтолгон акча мурдагыга караганда, 2-2,5 эсеге көбөйдү. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир жолун таптык. Эми облус боюнча март айынан баштап, электрондук акча төлөө ыкмасына өтөбүз”, — дейт С.Авазов.

Облустун энергетиктери Кыргызстан боюнча жакшы демилгени баштап, электрондук акы төлөөнү биринчилерден болуп киргизип жатышат. Автоматташтыруу, компьютерлештирүү боюнча да электр энергиясын сатуу компанияларынын арасынан “Жалалабатэлектро” ААКсы эң алдыңкы катарда кетип бара жатышат. Кабинеттен отуруп алып, катардагы монтёрдон баштап, жетекчилерге чейин күнүгө эмне иш жасап жаткандыгын көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Бул биринчиден, алардын биз көрсөткөн паландарды саны жана сапаты жагынан кандай аткарып жаткандыгын көрүп турабыз. Экинчиден, быйылкы жылдын планына коммерциялык учётту автоматташтыруу системасын киргизип жатабыз. Кайсы жерде биздин абоненттер электр энергиясын уурдаса, ошол жерден сигнал келет да, заматта кайсы жерде, кайсы көчөдө уурдап жаткандарды таап, жоготууну азайтабыз. Арабыздагы таза эмес иштеген кызматкерлерден 100гө жакыны айдалып, алардын ишин финансы полициясына өткөрүп бердик. Келтирген зыяндарын өздөрү төлөштү. Жоготууну азайтуу, акча төлөмүн толугу менен топтоо, эксплуатациялык иштерди жакшы жасап, авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо, азайтуу боюнча палндарды түзүп алып, ошонун үстүндө иштеп жатабыз ”,- дейт  “Жалалабатэлектро” ААКнын генералдык директору.

Жыйынтыгында, Кыргызстандын анын ичинде облустун аймагында ири, чакан жана кичи ГЭСтердин саны арбып, энергетиктер элибизге электр энергиясын үзгүлтүксүз берип, ар бирибиздин үйүбүздө жаркырап жарык күйүп турсун деген тилекти билдирмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары.

Вам может также понравиться...