Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнө гүл көчөттөрү отургузулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын теплицасында өстүрүлгөн гүлдөрдүн көчөттөрүн шаардын борбордук аянттарына, айлампа жолдорго гүлдөрдү эгүү иши кызуу жүрүп жатат – дейт, шаардык турак-жай, коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин генералдык директору Акылбек Нуркулов.
Анын айтымында, шаардын борбордук көчөлөрүнө, Манас проспектиси көчөсүнүн 1 км 800 метрине жана эс алуу парктарына газондук чөптөр менен гүлдөр эгилип, көчөлөр тазаланууда. Шаарда көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн. Ал эми шаардагы төрт фонтанды оңдоо үчүн 450 миң сом каралган.
«Шаардын Ленин жана Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги фонтан борбордо жайгашкан үчүн көбүрөөк каражатты ушул жерге сарптап, реконструкция жасап, 9-майда ачылышын жасайбыз», — дейт А.Нуркулов.

Анархан Жаңыбаева,
Жалал-Абад шаары.

Вам может также понравиться...