«ЖЫЛЫП БАСАР БУТУ ЖОК, ЖЫЛАН БАЙКУШ КАНТТИ ЭКЕН?!» же облус аймагындагы экологиялык проблемалар

«Биз жаратылыштан ырайым күтүп отура албайбыз. Аны жаратылыштан алуу биздин милдет»

(И. В. Мичурин)

Кыргыз жеринин эӊ бир кооз кереметтерин  камтыган Баткен облусубузда не деген жаратылыш байлыктарын  табигат өзү тартуулаган. Тилекке каршы, мезгил агымынын өтүшү менен «жаратылыш жан биргем» деген сөз анча деле жадыбызда жүрбөй калды.  Жаратылышка аяр мамиле кылуу тууралуу канчалык айтылган менен аткарылбай келгендиги кейитет.

Баткен обастынын өлкө борборунан бир нече чакырым алыс  аралыкта турса жа озунун кайталангыз жаратылыш байлыктары менен дүйнө жүзүндө аймактын атын даназалап келет. Алсак, айтылуу «Айгүл гүлү» көргөндүн көз жоосун алган, атагы алыска таркаган табият сулуулугу. Бир жылда бир ирет гүлдөсө да, аны көрүп, андан канчалаган таасир, эргүү, кубат, кубаныч аласын. Бирок, сейрек кездешуучу бул гүлдүн да кадырына жетпей жатабыз. гүлдөгөн мезгилинде коргоо керек деп мин айтылган менен, анны көрүүгө баргандар гулду узуп, тебелеп тепсеп жатабыз. Ушинтип жула берсек, дагы 5 жылдан сон, кайсы гулубуз менен сыймыктанабыз? Кайсы гулду шылтоо кылып, эс алууга чыгаар экенбиз..? «Жулбагыла азайып бара жатат» деген экология кызматкерлери менен жаштар, айыл тургундары айткан менен айрымдар тура айтканына ынанып кетсе, кээ бироолор тоготуп да койбойт. Чындыгында того чыккан ар бир адам, гулду узор  бир демге ойлонуп, анын кимге кереги бар, ким зыян тартат, гулду узо берсек, эртен чыкпай калсачы деп ойлонуп коюшса экен… ошол бозоргонг таштактуу адырды корукка алып, гулго кам коруп, Кара-Булак, Айгул — Таш айылын кереметтуу жайга айлантсак кана…!?

Баткендин оругунун даамын — жегендердин баары билишет. А бирок, кышка карата камылга коруудо комур-отун бааларынын кымбаттаганынан улам,  орук бактары кыйылып, отунга айланып, кулу кокко сапырылып калып жаткандыгын да билгендер, сезгендер бар бекен деген ойго келесин… Көз көрүнө эле экологияны коргобой, жаратылышка кол салып баштадык. Анын кесепетинде канчалаган даамынан бал тамган өрүктөрүбүз жоголуп бара жатат.

Баткен жергесиндеги жергиликтуу жашоочулардын негизги киреше булактарынын бири – орук болуп саналат. Бирок, озубуздун аймакта комур шахталарынын бар экендигине карабастан, комурдун баасы кымбат болгондуктан, баткендиктер айласы кеткендеби, же орук жакшы отун болгондуктанбы, айтор, орук багын кыйып башташат.

Оз жерибизден чыгып жаткан кен байлыктар кошуна олколорго кымбат баада экспорттолоору турган соз. Кейиштуусу – комур кошуна Тажикстанга кандай баада жиберилсе, ошол баа туруктуу болуп, жергиликтуу тургундар учун да 1 тонна комурдун басы 9000-10000 ге чыгып кеткен учурлар да болот. Аны алууга чамасы жетпеген, кыштын камын жазда корбогон мекендештерибиз орукторду кесип, отун катары пайдаланышат. Эл учун кам коргон жетекчилер, комур ондургон жеке ишкерлер базар баасын турукташтырып, жергиликтуу жашоочулар учун комурду арзан баада сатышса, орукзарыбыз гулдоп, орук бышканда сары алтындай элге кошумча киреше берип турмак беле деген ой.

Айта берсек тугонбогон жаратылыш байлыктарын сактап калуу маселесине коом жалпы конул бурганда гана онугуунун бийик сересине арыштап, келечек муундардын жашоосуна жакшы шарттар тузулот беле, ким билет..?

 

Канышай Ашимова

Баткен шаары

Вам может также понравиться...