ИЧИЛУУЧУ СУУ – АЛТЫНДАН ДА КЫМБАТ!!!

2007-жылдын 15-августунда Ош шаарынын Орхус маалыматтык борборунда «Экологиялык өнүгүү» коомдук фонду «Ош шаарында ичүүчү сууну сарамжал пайдалануу көйгөйлөрү» деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек столдун максаты-Суу ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча Эл менен кандай иш алып баруу туурасында бир пикирге келүү болуп саналат. Бул жыйналыш Голландиялык Мильеконтакт уюму тарабынан каржыланып, ага Ош шаардык мэриясынын аймактык кеңештер боюнча башкы адиси-Боромбаева А.Э., Ош суу чарба башкармасынын башкы инженери-Осмонов О.С., областык бассейиндик суу чарба башкармасынын башкы адиси-Степанов Р.Р., Ош аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын сектор башчысы-Бойко Г.А. «Табият-Түштүк», «Экооклуб Ак-Буура», «Экотилектештик», «Сеңир», «Данакер» экологиялык коомдук фонддорунун мүчөлөрү, аймактык кеңеш башчылары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Жыйналышты Орхус маалыматтык борборунун директору Исабаев К.И. ачып, ал акыркы мезгилдерде ичүүчү суунун запасы болгон мөңгүлүү тоолордогу мөнгүнүн запасы жылдан-жылга азайып бараткандыгы жана шаарда ал сууларды сарамжал пайдалануу жөнүндө эч бир тиешелүү мамлекеттик структуралар иш алып барбай жаткандыгы жөнүндө кеңири токтолду. Эгерде ичүүчү сууну ушул темпте, коромжусуз пайдалана берсек, анда жакынкы 10-15 жыл ичинде ичүүчү суу маселеси эң биринчи көйгөйлүү мсалелердин катарына кошулат – деп сөзүн аяктады.

Андан ары шаардагы күнү-түнү тынбай жөн эле агып жаткан суулар тууралуу фотоматериалдарга токтолду. Бул материалдан кийин жыйналыштын ар бир катышуучусу өз ойлорун ортого салып, чындыгында ичүүчү суу шаарда бекерге окшогондугу менен алардын ар бирине эсептегичтерди койуп, сууга да акча төлөнүшү зарыл экендигин жана таза суунун ар бир тамчысы алтынга тете экендиги туурасында маселени көтөрүп чыгышты. Бирок суу эсептегичтерин койдурууга эч бир адам аракет кылбай жаткандыгы туурасында шаардык суу чарба башкармасынын башкы инженери Ормош Сагындыкович токтолуп кетти. Себеби ал эсептегичтерди Эл өзү сатып алуусу, техникалык шартты түздүрүүсү жана кызмат акыны төлөөсү зарыл, буга өкмөт тарабынан бир да каражат бөлүнгөн эмес. Ал үчүн биздеги суу эсептегич аппараттар базар баасынан бир топ кымбат турат, ошондуктан ар бир Адам сууга эсептегич койдуруп, суу үчүн акча төлөгүсү келбейт.

Мына ушундай бир топ көйгөйлүү маселелер туурасында эпкиндүү талаш-тартыштан соң, катышуучулар ал маселелерди чечүү туурасында өз ойлорун ортого салышты. Ал иш-аракеттер төмөнкүдөй жүзөгө ашырылмакчы болду:

1. Суунун мөңгүдөн пайда болушунан тартып, пайдалануучу ашканага киргенге чейинки басып өткөн жолу туурасында таасирдүү социалдык видео тасма даярдалып, керексиз, тынымсыз берилип жаткан жарнактардын ордуна жергиликтүү телеканалдардан ар дайым көрсөтүп туруу. Ал үчүн Ош шаарындагы жергиликтүү 4 телеканалдын бирине Орхус маалыматтык борбору, экинчисине Ош шаардык мэриясы, үчүнчүсүнө Ош шаардык суу чарба башкармасынын дирекциясы демөөрчү боло турган болду;

2. Мектептерде, орто, жогорку окуу жайларында ичүүчү сууну сарамжал пайдалануу туурасында ачык сабактарды уюштуруу. Ал ачык сабактарга суу пайдалануу тармактарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдары, мектеп мугалимдери, орто, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, санэпидстанция кызматкерлери, врачтар катышып – окуучу, студенттерге кеңири маалымат берүү;

3. Ар түрдүү сууну сарамжал пайдалануу туурасындагы акцияларды уюштуруу;

4. Ушундай тегерек столдорду көпчүлүк тиешелүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен тез-тез уюштуруп туруу.

Мына ушундай иш-аракеттерди уюштуруу менен сууну сарамжал пайдалануу туурасында калктын калың катмарына жеткирүүгө болот деген жыйынтыкка келүү менен жыйналыш соңуна чыкты.

Вам может также понравиться...