КАЛКЫМА КЫЙЫН КЕЗИНДЕ, КАРЫШКЫР КЫШ МЕЗГИЛДЕ…
Элибиздин бүгүн күндөгү бирден – бир таянаар киреше булагы – мал чарбачылык экенин эч ким тана албайт. Мына ошол калктын маңдай тери, ак эмгеги менен багылып жатакан мээнетин аёосуз түрдө кыруу менен ар түн сайын зыянга учуратып жаткан карышкырлардын саны көбөйүп кеткендиги айтылууда. Ооба, карышкырлардын таптакыр эле жок болуусу да өзүнчө маселени туудурат. А бирок, тескерисинче алардын санынын көп болгондугу бүгүн күндө маанилүү көйгөйдү жаратып жатпайбы. Бул маселени жакындан билүү максатында алыскы Ат-башы районундагы Ак-муз айылынын тургундары менен баарлашууну тура көрүп, Жаныш уулу Байжан аттуу «Жырткыч жаныбарларга каршы күрөшүү» кызматынын өкүлү менен маектештим.
Чындыгында Байжандын айтып берген ар түрдүү окуялары, карышкырлар жөнүндө берген маалыматы мен үчүн эле эмес, бүткүл элибиз үчүн маанилүү жана кызыктуу экендигин жашыргым келбейт. Тилекке каршы окуяларды кийинки макалаларга толуктап жазууну чечтим, а бирок карышкырлардын алыскы жердеги зулумдук кылыктарын баяндоону туура көрдүм. Байжандын айтымында – ошол эле өрөөндү ээлик кылып, ал жерге үстөмдүк жүргүзүү менен калкты жабыркатып жаткан эки топ карышкыр үйүрү бар экендиги белгилүү. Тактап айтканда ар бир топто 7-10го жеткен жырткыч мүчөлөрүнөн турат экен. Кыш мезгилинде бул жырткычтардын зыяндуулугу эң жогорку чекке жетээрин бышыктап кетти. Мындай болгон учурда ызгаардуу кыштын ар түнү сайын 1-2 бодо малды жара тартуу менен айына бул өрөөн боюнча 30ка жакын малды курмандыкка чалат.
Ооба, учурда карапайым калктын жашоо шартын жогорулатуу маселеси актуалдуу турса, бир тараптан бул жырткычтардын элге болгон зыяны «какаганга муштаган» эл оозундагы макалдай болуп жатпайбы.
Ат-башы районунда кыш мезгили 3-5 айга чейин созулат, демек кыштын ар бир айында 30ка жакын мал зыянга учураган болсо, бул өрөөн боюнча орто эсеп менен 60тан ашуун малды бир кышта курмандыкка чалып, калкты бир топ деңгээлге чейин зыян тарттырып кетээрин бышыктады. Мындай болгон учурда бул көрсөткүчтөр бир эле өрөөн боюнча экенини баса белгилеп кетким келет, ал эми мындай өрөөндөр, мындай зыян тартуулар түндүктө жашап, мал чарбачылык менен алектенген канча өрөөндөрдө жыл сайын кайталанып жаткандыгын эске алуу менен чыгымдарды эсептеген болсок, төбө чачты тик тургузат.
Ооба, мындай учурларды өз баштарынан кечирип келген карапайым калк, дагы эле сабырдуулукту жан дос катары бекем кармап жашап келет, а балким жашабаска арга жоктур?…
Эшенов Адилет