КӨЛӨКӨДӨГҮ КӨЙГӨЙ
Ооба, балык кармоого мараторий жарыяланып, анын калк арасында так сакталышын көзөмөлдөө жана башка ушул нерсеге тиешелүү иштердин тынымсыз жүрүшү мамлекеттик органдар аркылуу ишке ашырылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. А бирок, канчалык көзөмөл жүргүзүлгөн сайын мыйзамсыз балык уулоочулардын саны азайбастан, улам жаңылары менен толукталып жаткандыгы жүрөк өйүтөөр көрүнүш. Ушундай бүгүн күндөгү маселенин көйгөйү эмнеде жатат, албетте, браконьерлердин балыкты аёосуз түрдө кырып жаткандыгында, а бирок, көлөкөдө көрүнбөгөн көйгөй тургандыгын жашыргым келбейт.
Бул көйгөйдүн белгилүү деңгээлде мааниси бар экендигин ачыктоо үчүн жана берип жаткан маалыматтарым кургак болуп калбас максатында Каратал – жапырык мамлекеттик коругунун кызматкерлеринин 2008 – жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктоочу отчеттук көрсөткүчтөрүнөн маалымат бере кетүүнү туура көрдүм.
Нарын облустук мамлекеттик админситрациясынын буйругунун негизинде ички иштер кызматкерлернин курчап турган чөйрөнү коргоо инспекторлору менен биргеликте бир топ рейддерди жүргүзүлгөн. Жыйынтынгында 15 уруксаты жок балык уулоочу кайыктар кармалып, Нарын шаарына алып келинген. Бул гана эмес 6 000 метр балык уулоочу, ээси таштап кеткен торлор чогултулуп, өз убагында жараксыз абалга келтирилген. Бул көрсөткүчтөр эмнени түшүндүрөт жана кайда алып бараары өзүнчө бир тунгуюк. Мына ушундай ээси жок төмөндөгүдөй төбө чачты тик тургузган узундуктагы балык уулоочу торлордун чогултулуп, тазалангандыгы кубанычтуу көрүнүш, а бирок мындай кароосуз калган торлордун канчасы дагы эле суу алдындагы тозок желесиндей болуп чырмалышып жатпагандыгына ким кепилдик бере алат. Айта кетүүчү нерсе Каратал-жапырык коругунун ишиндеги негизги меселелер катарында – «браконьерчиликке жана жогорудагыдай сыяктуу көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн моторлуу кайык абдан зарыл экендигин» кезиктирүүгө болот. Демек, каршы күрөшүүдө керектөлүүчү шаймандардан маселе туулуп жаткан болсо, жогорудагыдай кепилдикти таптакыр эч ким бере албатыгы айдан ачык эле көрүнүп калгандыгы эң кейиштүү көрүнүш. Маселен, кароосуз калган канчалаган торлорго эмне деген балыктар чалынышып, өз убагында бошоно албастан бей курмандыгы болуп жаткандыр. Көйгөй кай жерде жаткандыгын эми айтпасам да, белгилүү болду десем жаңылышпайм. Мына ошол балыктардын бей курмандыгынан куралган суу астындагы балыктар көрүстөнүн, тазалыгына баа жеткис суубузга тийгизген зыянын, анын булгануусун эске алып, жан дүйнөм бүлүнүп келет. Айтор, мындай көлөкөдөгү көйгөйгө токтоосуз түрө чаралар көрүлүп, мерчемдүү иштер кылынуусу бүгүн күнкү талап, а бирок «качан кылынат?» деген суроого дале буйдалып келем.
Эшенов Адилет