Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер Орто-Азияга коркунуч алып келиши ыктымал

Maili-suu ._crМайлуу-Суу дарыясынын боюнда жайгашкан уран калдыктары көмүлгөн жерлерди коопсуз жайларга көчүрүү үчүн 2004-жылы 28-сентябрда Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен КР ӨКМдин алдында «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору ишке киргизилген, 2012-жылы 31-декабрда долбоор өз ишин жыйынтыктайт. Бул туурасында аталган долбоордун менеджери Тажикан Көчкөнбаева 25-октябрь күнү КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевге айтты.

Кыргыз өкмөт башчысы өзүнүн Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарында Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн №3-участокто болду. Ж.Сатыбалдиевге  ал жердеги уран калдыктарын №6-участокко көчүрүү ишинин жүрүшү жана мындан аркы аткарыла турган иштер  менен Т.Көчкөнбаева тааныштырды. Анын айтымында, эң коркунучтуу №3 – участокко жалпы көлөмү 130 миң куб уран калдыктары көмүлгөн. Бул жерде көчкү жүрүү коркунучу тектоника пайда болгон. Эгерде жер көчкү болсо, сайды бууп салмак. Уран көмүлгөн жер ачылып, Майлуу-Суу дарыясына түшмөк.

— «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору өзү 2010-жылы 31-мартта бүтүш керек болчу. Ар кандай кырдаалга байланыштуу долбоордун мөөнөтүн узартууну суранганбыз. Уран калдыктарын ташып кеткенден кийин, калган калдыктарын топтоп, эки метр топурак (глина) менен жаап, дамбаны түздөп, анан рекультивизация кылып кетебиз. Бул иш үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүтөт. Шаардын түндүк жагында «Айлампа — Сай» деген жеринде да төрт уран калдыктары көмүлгөн участоктор бар эле. Ал жерде да уран калдыктары көмүлгөн жер суунун жээгинде жайгашкандыктан, долбоордун негизинде 228 метр жээкти коргой турган курулуштар бүткөрүлдү. Майлуу-Суу дарыясынын жогору жагында Кайрагач деген куймасы (притогу) бар. Ошол жээкте да №6-тоо кен рудасы көмүлгөн жер бар. Аны да коргоо иштери жүргөн. Ал эми шаардын түштүк жагында Күлмөн – Сай деген сайдын жээгинде №1-2 деген тоо кен рудалары (отвал) жайгашкан. Анын да жээгин суулар жеп, жер эрозия болуп жаткан. Анан №1ди №2ге ташыганга чечим кабыл алынган. Бул жерде 164 миң куб тоо кен рудалары бар. Биринчи этабы 2007-жылы башталып, 2009-жылы бүткөн, 86 миң кубу ташылган.

Азыркы мезгилде экинчи этабында 81 миң кубту  ташып бүтүп коюшту. Азыр №2-тоо кен калдыктары көмүлгөн жерде рекультивизация иштери жүрүп жатат. Күлмөн-Сайдын агымын жасалма жол менен башка жакка буруп, ал жерди рекультивизация жасалды. Кайрагач айылында №6-тоо кен калдыгы көмүлгөн жерди №6-уран калдыгы көмүлгөн жерге ташылды. Бул жерди элдер өздөрү пайдаланып жатышат. №3 участокту ташыдык, №18ге убактыбыз жетпей жатат. Биринчи башында технология боюнча жолду айланма кылабыз дегенбиз, кийин чечим кабыл алып, Майлуу-Суу дарыясынын бир жак жээги менен уран калдыктарын ташысын, экинчи жээги менен эл жүрсүн деп, оң жак жээги жана жол  бекемделген. Иш бүткөндө эки жээктин жолун тең эл пайдаланса болот. Жаңы жумуш 2010-жылы башталып жатканда, июнь айында аябай катуу  жамгыр жаап, сел дарыянын эки жак жээгин тең жууп кетип, 368 метр болгон негизги жол бузулуп калды. Буга акча каралган эмес болчу, анан кийин Дүйнөлүк Банкка дагы акча бөлүп берүү үчүн кайрылып, 1 млн. доллар дагы сурап алганбыз. Ошол акчага 600 метр жолго коргоочу курулуш курулуп, каналдар жасалды,  — дейт Т.Көчкөнбаева.

Союз учурунда 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уран калдыктарын иштетип келген. Аталган заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине 23 участокко жана 13 жерге тоо кен рудалары  жалпы жонунан 2,0 млн. куб метрге жакын аянтка көмүлгөн. Бул жерлерде көп жылдар бою ремонт иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй келген. Мунун кесепетинен ал жерде жашаган адамдардын ден соолугуна жана экологиясына зыян алып келүү коркунучу пайда болгон. Ошол себептен, Майлуу-Суу шаары Кыргызстанда гана эмес Орто Азияга да коркунуч пайда кыла турган аймакка айланган. КР өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы токтомунун негизинде уран калдыктары жана тоо кен калдыктары көмүлгөн жерлер Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев реабилитация кыла турган дагы канча уран калдыгы көмүлгөн жерлер бар экенидигине канча акча каражаты жумшала тургандыгына кызыкты. өкмөт башчынын суроосуна Т.Көчкөнбаева төмөндөгүдөй жооп берди:

— Долбоордун негизинде №5-7- участокто чекелерин тосуп, эскертүү бере турган белгилерди коюшуп, Айланпа-Сайда №2-4- участоктогунда  коргоо иштери бүткөрүлгөн. Эми дагы 17 уран калдыгы көмүлгөн участокторду кайрадан рекультивизация жасоо иштери калып жатат. Биринчи башында техникалык негиздемесинде 30 млн. доллар каралган. Азыр 40 млн. долларга чыкты. Анын ичинен 10 млн. 960 миң доллар гана берилген. Учурда дагы 30 млн. доллар керектелет, — деди ал.

«Уранды Советтер Союзу алган. Союздун ишин улантуучу (приеемниги) болуп Россия калды. Россия жардам бериш керек. Ушул жерден эч ким пайда тапкан жок. Майлуу-Суу дарыясынын суусу Сыр-Дарыяга барып куюлат. Россиянын өкмөт башчысы Д.Медведевдин атына катты негиздеп, даярдагыла. Бул бир гана Кыргызстандын проблемасы болбош керек. Борбордук Азияда жашаган бардыгыбыздын проблемабыз болушу зарыл. Илгери баарыбыз бир мамлекет болгонбуз, маселени ошондой коюш керек. Урандын проблемасы биз менен калбашы керек, алар да жардам беришсин», — деп айтты Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Ж.Сатыбалдиев.

Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору негизинен Майлуу-Суу шаарындагы көмүлгөн уран калдыктарын коопсуз жайларга жылдыруу, коргоо, ошол жерде жашаган элге жана жаратылышка болгон зыяндуулугун азайтуу максатын көздөйт. Учурда  уран калдыгы көмүлгөн – 22, тоо кен рудалары көмүлгөн – 11 участок калды. Көмүлгөн уран калдыктарын ачканда 6 миңге чейин микроренген радиациялык фонду көрсөтөт. Ал эми шаарда 20-40 микроренген радиациясы бар.

«Майлуу-Суу дарыясынын жээгинде 9 уран калдыктары көмүлгөн жер болсо, анын бирөө гана алынды. Акыркы мезгилдерде болуп жаткан сел ташкындары жана тектоникалык жер көчкүлөр уулуу заттар көмүлгөн жерлердин бузулушуна алып келсе, суунун булгануусу мүмкүн. Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык станциясы суунун составын анкытап турушат. Жакында ОМС-2000 деген аппарат коюлат. Ал Майлуу-Суу дарыясынын суусун текшерип, анализин чыгарып турмакчы», — дейт Т.Көчөрбаева.

өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын 34 жеринде уран калдыктары көмүлгөн участоктор бар. Алар жети кичи шаарчаларда: Майлуу-Суу, Каджи-Сай, Миң-Куш, Шакафтар, Сумсар, Ак-Түз, Орловкада жайгашкан. Ал эми Ак-Түз менен Орловканын ээлери бар. Эң көбү Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Жалпы көлөмү 3 млн. кубту түзөт. Анын 2 млн. кубу уран калдыктары, 1 млн. кубун тоо кен калдыктары көмүлгөн.

«Эң көбү Майлуу-Суу шаарында жайгашса, бул жерге атайын адистерди бөлгүлө, карашсын. Жергиликтүү бийликке калтырсак, колунан келбейт. Шаар мэри арыгын тазалай албайт экен, анан кантип бул уран калдыктарын сактасын. Жаздагы селден кийин шаардын ичиндеги арыктарды тазалап коюшкан эмес», — деди өкмөт башчы.

Майлуу-Суу шаарынын мэри Рахатбек Бакалаевдин берген маалыматына караганда, шаарда 22 миң калк жашайт, 2 миңдей адам миграцияда жүрүшөт. Азыркы учурда №3-18- уран калдыктары көмүлгөн жер сайга түшүп кетүү чоң коркунучу бар эле. Ошол жердеги 140 миң куб калдыктар башка жакка ташылып, көмүлдү. «Уран калдыктарын ташып кеткен жерде эми суу кете турган каналдарын курушат, рекультивизация кылышат. Эми №6 – уран калдыгы көмүлгөн жерди толук жаап, анын тегерек четинде суу кетүүчү каналдарын толугу менен бүткөрүшөт. Бул жасалган иштер биздин шаардыктардын ден соолугуна жана экологиянын зыяндан сакталышына жакшы шарт түзөт»,- дейт Р.Бакалаев.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшиндин берген маалыматына караганда, Эл аралык илимий-техникалык борбордун «KR–760» деген долбоорунун негизинде 2011-жылы Бишкек шаарынан 15 адамдан турган топ Майлуу-Суу шаарынын калкын 20-июндан тартып 30-июнга чейин текшерген. Алардын арасында онколог, гинеколог, стоматолог, невропатолог адистиги боюнча 3 дарыгер жана радиациялык коопсуздук боюнча адис, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болгон. Изилдөө тобу өзгөчө Сары-Бээ айыл округуна караштуу айылдарды текшерүүгө алган. Негизинен алар Майлуу-Суу шаарынын жаратылышы менен ал жердеги жашаган калкты изилдөөгө алышкан. Шаардагы 1056 адам текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Азыркы учурда Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы тынчсыздануу жаратат. «Эгерде уран калдыктары көмүлгөн жерлер бузула турган болсо, бул Кыргызстанга эле эмес, Орто-Азиядагы коңшу мамлекеттерге да экологиялык катастрофа алып келиши мүмкүн», — деди Жалал-Абаддагы жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун жетекчиси Рысбек Акеншаев.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары.

Вам может также понравиться...