Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян алып келбейби?

Майлуу-Суу шаарында 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уран калдыктарын иштетип келишкен. Ал заводдун иштеткен калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине 23 участокко жана 13 тоо тектерине жалпы жонунан 2,0 млн. куб метрге жакын уран калдыктары көмүлгөн. Бул жерлерде көп жылдар боюу ремонт иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй келген. Мунун кесепетинен ал жерде жашаган адамдардын ден соолугуна жана экологиясына зыян алып келүү коркунучу пайда болгон. Ошол себептен, Майлуу-Суу шаары Кыргызстанда гана эмес Орто Азияда эң коркунучтуу аймак болуп калган.

«Азыркы учурда уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы кандайдыр бир деңгээлде тынчсызданууну жаратат. Эгерде Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер бузула турган болсо, бул бир гана Кыргызстанга эмес, коңшу мамлекеттерге да экологиялык катастрофаны алып келиши мүмкүн», — дейт Жалал-Абад аймактык курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рысбек Акеншаев.

КР өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы Тотомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. өКМдин алдындагы атомдук жана радиациялык коопсуздук агенттигинен алынган маалыматка караганда, Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин оорчундуу проблемаларын чечүү үчүн Дүйнөлүк Банк тарабынан көңүл бурулган. Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору 2004-жылы ишке киргизилген, долбоор 2012-жылы жыйынтыкталат.

Аны аталган агенттик ишке ашырып жатат. Долбоордун жалпы суммасы 10,96 млн. АКШ долларын түзөт. Аталган долбоордун алгачкы ишине Майлуу-Суу шаарында көмүлгөн уран калдыктарын реаблитациялоого 7,4 млн. АКШ доллары каралган. Анын 6,6 млн. сому сарпталып, азыр бул иш уланып жатат. Уран калдыктары жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян келтирбей турган башка жактарга көчүрүлүп, көмүлүүдө.

Буга айрым шаардын тургундары Майлуу-Суу дарыясынын булганып жаткандыгына нааразы болушуп, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышкан. Бул тууралуу үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында «Баракелде» Интернет сайтына шаар тургуну Рустам Абдувалиев билдирип, «эки жерде турган уран калдыгын башка жакка көчүрүп жаткан айдоочулар менен жумушчуларга эч кандай шарт көрүлбөгөндүгүн жана жамгыр жааганда уран калдыктарынан дарыяга байкалбай агып түшкөн агын суулар шаардан төмөн турган Ноокен районунун Кыла жана Бүргөндү айыл-кыштактарына дейре агып бараарын, адамдар булганган сууну алып ичүүгө аргасыз» — деп маалымдаган ал.

Ошондой эле, Р.Абдувалиев «шаар тургундары уран калдыктарын ташыган автоунаалар дарыяда жуулбасын, анда иштеген айдоочулар менен экскаваторчуларга атайын кийим берсин» — деген талаптарды айтып жатышкандыгын кошумчалаган.

Жергиликтүү тургундар шаардагы көмүлгөн уран калдыктары калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизээрин, өзгөчө Сары-Бээ, Кара-Жыгач айылдарынын тургундары №3, №18-уран калдыктары ташылып жаткан жерди ачууга каршы экендиктерин айтышкан. Бирок, аталган маалымат чыккандан кийин Жалал-Абад аймактык курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын атайын адистери барып, сууну жана ал жердеги абаны текшерген мезгилде уран калдыктарын ташып жаткандар эрежелерди бузбаганын, ал жердеги экологияга эч кандай зыян алып келбегенин аныкташкан.

Союз урагандан кийин, жумушсуздуктан улам, аталган шаардын тургундары уран калдыктары көмүлгөн жерди казып, пайда көрө башташкан. Мунун кесепети жергиликтүү тургундарга тийип, алардын арасында ар кандай оорулардын көбөйүп бара жаткандыгы айтылып, алар жогорку бийлик өкүлдөрүнө, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуулар менен чыга башташкан. Үстүбүздөгү жылы июнь айында Майлуу-Суу шаардык мэриясынын атайын кайрылуусунун негизинде, көмүлгөн уран калдыктарынын зыяндуулугу канчалык деңгээлде экендигин билүү жана жашоочулардын ден соолугун аныктоо максатында шаардын жергиликтүү тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүшкөн.
Бишкек шаарынан 15 адамдан турган топ Майлуу-Суу шаарынын калкын 20-июндан тартып 30-июнга чейин текшеришкен.

Алардын арасында онколог, гинеколог, стоматолог, невропатолог адистиги боюнча 3 дарыгер жана радиациялык коопсуздук боюнча адис, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болгон. Изилдөө тобу өзгөчө Сары-Бээ айыл округуна караштуу айылдарды текшерүүгө алышкан. Аталган топтун мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшиндин берген маалыматына караганда, бул изилдөө Эл аралык илимий-техникалык борбордун “KR–760” деген долбоорунун негизинде жүргүзүлгөн. Негизинен алар Майлуу-Суу шаарынын жаратылышы менен ал жердеги жашаган калкты изилдөөгө алышкан. Шаардагы 1056 адам текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Р.Тухватшиндин берген маалыматына караганда, Майлуу-Суудагы оор радон газынын жыты да, даамы да болбогондуктан, бардык табигый радиациянын булактары көзгө көрүнбөй тургандыгын баса белигилешкен. Ошол себептен, бул проблема аталган шаарда жашагандар үчүн өтө актуалдуу болуп саналат. Мындан сырткары, шаардагы көпчүлүк имараттар согуштан кийинки эски курулуштар болуп саналат. Ал курулуштар үчүн жергиликтүү жаратылыш материалдары – таштар колдонулган. Алардын арасында радиоактивдүү тоо тектери да болушу мүмкүн.

«Биздин дозиметрикалык изилдөөлөрүбүзгө караганда, кээ бир үйлөрдө жана жумуш имараттарында радиациянын — нурдануусу керектүү нормадан 8-12 эсеге көп болуп чыкты. «Кыргызэлектроизолит» заводунун бухгалтериясында 317 мкР-саат экендиги белгиленген. Мындай иш бөлмөлөрүндө иштегендер жумуш учурунда кечке болушуп, жогорку радиоактивдүү жүктү, белгилеген деңгээлден 6 эседен көп дозаны алышкан», — дейт Р. Тухватшин.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, Майлуу-Суу шаарындагы №3 уран калдыктары көмүлгөн жердин кыртышында салыштырмалуу түрдө уран көп экендиги аныкталган. Бул жерде жердин катуу кыртыш дөбөчөсүнүн (насыпного грунта) көлөмү 150 миң куб метр жана урандын запасы да ушул эле көлөмдө, алынган эсептөөлөргө караганда 3,8 миң тоннаны түзөт. Жогорудагы кырдаалдан улам, «Тектоник» жер титирөөсү болуп, аталган уран калдыгы көмүлгөн жер бузула турган болсо, анда ал жер экологиялык коркунучтун реалдуу башаты болуп калышы ыктымал.

Дүйнө жүзү боюнча АКШ, Чехословакия, Гернаниянын күн чыгыш тарабы, Шотландия мамлекеттеринде да мындай изилдөөлөр 99 жолу өткөрүлгөн. Изилдөөлөр көркөткөйндөй, «кичине» дозадагы шооланын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири көп мезгилден кийин гана таасир бере тургандыгы билинген. Радий менен радондун жана башка тамак-аштын таасиринен адамдын ден соолугунун начарлап кетиши акырындык менен байкала тургандыгы аныкталган. Бул 20 же андан көп жылдан кийин гана байкалышы мүмкүн экен. Ошол себептен, ар дайым адамдардын ден соолуктарына мониторниг жүргүзүп туруу абзел,- деген жыйынтык чыгарышкан изилдөө тобу.

Профессор Р.Тухватшиндин айтымында, Майлуу-Суу шаарындагы поликлиникада 1994-2003-жылдары дарыланган ноокастардын оорусунун тарыхы, шаардын 41 тургунунун ден соолугунун абалы жана 21 карьердин жумушчулары клиникалык анализден өткөрүлгөн. Ал эми 15 кардардын канынын курамы текшерилген. Жыйынтыгында темирдин жетишсиздигинен аз кандуу болуп ооругандар 12 пайыз, богок оруусу менен 14 пайыз, жүрөк кан тамыр оорусу менен ооругандар 6 пайыз, бөйрөктүн өнөкөт оорсу менен ооругандар 4 пайыз, бронхиалдык астма менен 2 пайыз жана иоддун жетишсиздиги менен 8 пайыз адам ооруй тургандыктары аныкталган.

Ал эми изилдөөнүн экинчи этабында «Кыргызэлектроизолит» заводунун негизги тобуна клиникалык текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын орочо курагы 57,8 жаш болгон. Көпчүлүгүн Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, чоңоюшуп, ал жерде такай жашагандар түзгөн. Алардын ичинен 60 пайызы мурдагы уран комбинатында иштегендер болсо, орточо эмгек стажы 15 жылдан, кээ бири 30-34 жылды түзсө, айрымдары заводдо 2-3 жыл иштешкен. Клиникалык текшерүүгө алынган заводдун жумушчулары ар дайым алдары куруп, ооруп жүрөөрүн, баштары ооруп, кээде баштары айланаарын, уйкулары качаарын, сасык тумоо менен көп ооруп, жөтөлөөрүн айтышкан.

Текшерүүгө алынгандардын 20 пайызынын дем алуу органдары жабыркаган. Алардын демдери кысылып, көкүрөктөрү кыйылдайт. Жүрөк кан тамыр жана жүрөктүн согуусунун жогорулоосу менен 15 пайызы ооруйт. Нервтин таасиринен улам ар кандай ооруларга 40 пайызы дуушар болушкан.
Ноокастардын 80 пайызынын тамак-ашты сиңирүүчү органдары ооругандыктан, бул оорулар биринчи орунда турат. өнөкөт өт оорулары, ашказандын жарасы, он эки эли ичеги оорулары менен 40 пайызы ооруйт.

Экинчи орунда дем алуу органдары, үчүнчү орунда жүрөк кан тамыр оорулары турат. «Ошентип, Майлуу-Суудагы мурдагы уран калдыктарын иштеткен заводдун жумушчуларынын оргнаизиминде жалпы реактивдүүлүк төмөндөп, ар кандай сезондук сасык тумоо, жүрөк кан тамыр, бөйрөк оорулары көбөйгөн. Бул жерде оорулардын көбөйүшүнүн негизиги себептеринин бири – радиация менен радионуклиддин деңгээлинин күчөп кеткендигинен болгон», — деп жыйынтык чыгарган изилдөө тобу.

Уран калдыктары көмүлгөн жерлерге жакын жашагандар арасында боюнда бар, төрөй турган аялдардын жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолуктарына уран өзүнүн тескери таасирин тийгизген. Акыркы 5 жыл аралыгында бойдон түшүүнүн саны 6,2 пайыздан 10,3 пайызга өскөн. Ал эми бойго бүтпөй калуу коркунучу 10,1 пайыздан 19 пайызга, убагына жетпей төрөп коюу 11,3 пайызга чейин жеткен.
«Ошондой эле, уран калдыктары көмүлгөн провинцияда жашагандардын жана айрыкча мурда уран комбинатында иштеген шахтерлордун тишинде салыштырмалуу түрдө уран өтө көп топтолгон.

Майлуу-Суу шаранынын тургундары темир – йодунун жетишсиздиги жана калкан безинин (кекиртектеги) сезгениши менен 26 пайыздан ашыгы ооруйт. Уран химиялык элемент болгондуктан, негизинен адамдын организиминдеги бөйрөк, боор жана сөөктөрүн жабыркатат»,- деп билдирет профессор Р.Тухватшин.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиеванын берген маалыматына караганда, облустан атайын түзүлгөн дарыгерлерден тобу жыл сайын Майлуу-Суу шаарындагы жашоочулардын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп турушат. Бирок, жергиликтүү жашоочулар облус дарыгерлерине инешбей, республикадан келип текшерүүдөн өткөрсүн деген талапты коюшкандыктан, атайын изилдөө тобун Бишкектен чакыртышкан.

«Ал жердеги оорулардын саны республикадагы оорулардын көрсөткүчү менен бирдей эле деңгээлде турат. Майлуу-Суудагы радиациялык фондун көрсөткүчү республикалык гамафондун табигый көрсөткүчүнөн жогору эмес деген жыйынтыгын изилдөө тобу бизге жиберген. Шаардагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан ар дайым көзөмөл жүргүзүлүп турат», — дейт Г.Маматалиева.

Анархан Жаңыбаева
Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...