Майлуу суунун эли айрыкча кош бойлуу аялдар жана балдар камкордукка муктаж
Учурда Кыргызстанда бир катар булганч жана экологиялык абалы оор жерлер жергиликтүү калтын ден соолугуна терс таасирин тийгизип келет. Ошондой булганч шаарларыбыздын бири Майлуу суу шаары.
Майлуу суу шаарында жана анын тегерегиндеги айылдарда баары болуп жыйырма эки миңге жакын калк жашайт. Тээ Союз дүүркүрөп турганда калктын саны 30 миңден ашчу. Андан бери заманыбыз алмашып буткул союзга аты чыккан лампа заводунун абалы начарлап, андан башка иштей турган оңгулуктуу иш таппаган жергиликтүү элдин бир бјлүгү жакшы турмуш издеп кјчүп кетишкен.
Медицина Илидеринин Кандидаты, түштүктөгү жападан жалгыз медициналык проблемалар Институтунун жетекчиси Рахманбек Тойчиев баарынан бул аймактарда жашаган кош бойлуу аялдардын ден соолугуна кошумча кам көрүп бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын айтат.
Изилдөөлөргө таянып Институттун жетекчиси бул аймакта уулуу жана булганч экологиялык абалга байланыштуу кош бойлуу аялдардын боюнан түшүүсү башка аймактарга салыштырмалуу бир топ жогору экендигин өкүнүч менен белгилейт. Ошондой эле балдардын өлүк туулган учурлары да башка жерлерге салыштырмалуу көп. Кээ бир тубаса айыккыс дартка чалдыккан наристелер туулгандан эле өлүп калат, бул да болсо табигаттын законченемдүүлүгү — дейт Рахманбек Тойчиев.
Институттун адисттери төрөгөн аялдардын тонун(плацента) изилдеген учурда анын составында бир катар уулуу заттарды табышкан. Айтсак бир миллиграмга чейин уран, торий сыяктуу оор металдар табылган. Ал эми ымыркай өлүк туулган кезде плацентада уулуу заттар, жана оор металдар мындан да көп табылга. Медицинада мындай уулуу заттардын кош бойлуу аялдын тонунда такыр болуусу мүмүкүн эмес –дейт Рахманбек Тойчиев.
Жогоруда келтирилген маалыматтарды Институттун жетекчиси дээрлик жыйырма жылдык изилдөөлөргө таянып айтат.
Ушундай эле изилдөөлөрдү 2000-2002-жылдары биздин жана коңшулаш Өзбекистандын окумуштууларынан атайын топ түзүлүп, жаш өспүрүм балдар арасында жүрүгүзүшкөн. Бул топтун издөөлөчүлөрү Майлуу суу аймагын изилдеген учурда балдардын чачтарын жана тырмактарын текшерип, ар бир үчүнчүсүндө урандын, торийдин составы нормадан 5-10 эсе көп экендиги аныкталган, ал эми хром баардык адамдардын организминде табылган.
Джамиля И. Айтматова бул изилдөөлөр жөнүндө жазган эмгегинде “Адамдын организминде ар кандай уулуу оор металдардын жана заттардын болуусу адамдын жашаган аймагынын күзгүсү” – деп жазат. Чындыгында адам жашаган аймак канчалык уулуу металдарга, газдарга булганч болсо адамдардын ден соолугуна ошончолук залакасы тиет. Айрыкча кош бойлуу аялдардын жана түйүлдүктө калыптанып келе жаткан наристенин ден соолугу бир топ жабыркап жатат.
Түштүктөгү медициналык проблемалар Институттун адисттеринин жаш наристелер арасында жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак тубаса оорулуу туулган балдар жалпы төрөлгөн наристелердин 6% түзөт. Тубаса оорулуу балдардын 48% же болбосо дээрлик жарымы жүрөк оорусу менен жабыркаган, андан кийин «Даундун ооруусу» же акыл эси кем балдар. Андан кийинки оорунда катаракта жана микросефалия оорулары кездешет.
Ошол эле Институттун Майлуу суудагы өспүрүмдөрдүн арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнө таянсак алардын арасында богок (зоб) жана калкан без (шитовидная железа) оорулары көп кездешет. Бул изилдөөлөрдүн негизинде жаш өспүрүмдөрдүн гармоналдык өзгөрүүлөр да байкалган. Медицинада калкан бездеринде мындай гармоналдык өзгөрүүлөр айрыкча жаш өспүрүмдөр жабыркаса алардын акыл эсине таасир этээри белгилүү.
А бирок кайсы органдар канчалык деңгээлде жабыркап жана эмне үчүн гармоналдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгы жөнүндө так маалыматтар жок ошондуктан бул багытта дагы бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
Бул учурдагы ачуу чындык, минтип кош бойлуу аялдарыбыздын боюнан түшүп, туулганы кем акыл төрөлө берсе элдин эртеңки келечеги, генефондубуз эмне болот. Акыбети эмне болоорун ойлосоң төбө чачың тик турат.
Жогору жактарга жазган каттарыбыздын көбү эле жоопсуз калууда, бул маселеге азыр көңүл кош мамиле кылсак ал жерде жашаган калтын ден соолугу эмне болот. Азыр бир аз каражат кетирип ал жердеги зоб менен жабыркагандарга керектүү дарыларды бекер таркатып, профилактикалык иштерди аткарып, койсок келечекте ошол аймактарда ден соолугу жабыркаган калктын ден соолугун дарылоого кетире турган миллиондогон акчаларды үнөмдөп калмакпыз – дейт Р.Тойчиев
Институттун адисттери бир нече жыл мурда ОБСЕнин Оштогу офисинин каржылоосу менен жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Майлуу суунун шартында жүрүм-турум эрежелерин, кантип жашап жана ден соолукка уулу металдардын жана газдардын зыянын минималдаштыруу, кантип тамактануу, өсүмдүк чөптөр жана жер жемиштер менен кантип оорулардын алдын алып зыянын басаңдатуу жөнүндө маалыматтарды камтыган календарларды таркатып жергиликтүү элдер менен жолгугушууларды өткөзүшкөн. Натыйжада жергиликтүү эл бир топ нерселерди түшүнүп билип калышты. Ал тургай кээ бир ооруга чалдыккандар биздин дары чөптөрдү колдонуп биздин берген кеңештерди жасап айыгып кеткендер деле болду дешет Институттун адисттери.
Учурда бары эле жаман дегенден алыспыз дейт Рахманбек Тойчиев — уран калдыктары жаткан жерлер эл жашаган жерлерден көчүрүлүп, элдин түшүнүгү да мурдагыга караганда жогорулап, абал бир аз оңолоуп калды. Ушул калыптан жазбай бул иштерди улантуу керек, элдердин короолорун изилдеп урандын фону нормадан ашыкча чыгарган таштардын ташып чыгаруу зарыл. Жана жогоруда белгилегендей богок оорусу менен жабыркаган элге бекер даарыларды таркатып кош бойлуу аялдарды жана жаш балдарды камкордукка алып изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын айтып сөзүн жыйынтыктайт Майлуу суу элинин ден соолугуна келечегине күйгөн окумуштуу Рахман Тойчиев.
Жылдыз Бекбаева
Журналист г.Ош