Оштуктар суусуз калышты

Кыргызстандын экинчи борбору болуп саналган Ош шаарынын жашоочулары эки кундон бери ичээрге суу жок олтурушат.  Ош шаарында 1-апрель куну шаардык негизги суу отуучу чон тутугу жарылгандыгына байланыштуу шаардыктар суусуз калышты. Шаардын бардык кочолорундогу коомдук тамактануучу жайлар, ишканалар, коомдук ажаатканалар суунун жоктугунан иштебей турушат. Ал эми ден-соолуктан да акчаны жогору коюшкан кээ бир коомдук тамактануучу жайлар Ак-Буура дарыясынан алынган, ичууго жараксыз деп аталган суудан пайдаланып жатышат.

Жергиликтуу массалык маалымат каражаттары айтып кеткендей, шаарда суу бир кундон кийин болот дегендигине карабастан суунун жоктугу экинчи кунго уланып кетип жатат. Ош шаардык суу канализация башкармалыгы бул кемчиликти жоюу учун куну-туну аракет жасашууда. Бирок, бузулган суу тутугу  ото чон болгондуктан аны ондоого азырынча чамасы жете элек.

Эн окунучтуу жери, суу тутугунун бузулган жери «Табият-Юг» коомдук фондунун дендрологиялык паркынын аймагында болгондуктан дендрологиялык парктагы осуп турган бир нече дарак-бадалдарга зыян келтирилген. башкача айтканда парктын жээгидеги легистриум осуп турган 10 м. аралык, каражыгач дарагынан 5 туп, арчадан 2 туп жана башка ар турдуу дарак осумдукторуно зыян келтирилди. Бул келтирилген зыяндарга ким жооп берерлиги азырынча эч кимге белгисиз.

Вам может также понравиться...