Ош шаарындагы турмуш-тиричилик таштандыларынын абалы жана алар жөнүндөгү мыйзамдар

Бул макалада шаарыбыздагы турмуш-тиричилик таштандыларынын учурдагы абалы, аларга көрүлүп жаткан иш чаралар жана алардын жыйынтыктары, турмуш-тиричилик таштандыларына(ТТТ) жасалган мамиле жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ошондой эле ал мыйзамдардын иш жүзүндө аткарылып же аткарылбай жаткандыктары жөнүндөгү маселелер каралды.

Азыркы күнгө чейин чечилбей келген, Ош шаарындагыдай эле Кыргызстандын башка бардык аймактарында дагы, негизги проблемалардын бири – бул калдыктарды утилдештирүү проблемасы.

Таштандыларды ташталуучу жайларга таштап коебуз, бирок андан кийин таштандылардын тагдыры эмне болорун эч кимибиз ойлонбойбуз.

Ар жылы Ош шаарында 350000 м3 дан ашуун тиричилик таштандылары чыгып турат. Мунун баары шаардыктардын чыгарган таштандыларынын өзү жана ар жылы шаардагы таштандыларды алып чыгууда жана тазалоодо ондогон машиналар, жүздөгөн адамдар алек болушат.

Шаардык свалка шаардан 7км алыстыкта Ош-Ноокат жолунда жайгашкан, 62 га аянтты ээлейт ,жана ал 1957-жылдан бери колдонулуп келет. Свалка таштандыларга толгон жана эч кандай техникалык, санитардык-экологиялык жана ТТТ көрсөтүлгөн полигондорго сактоо сыяктуу талаптарга жооп бербейт. Анын айланасында экинчилик сырьену чогултуучу элдер чаржайыт (стихийно) иштешет. Ошондой эле ал жерде метал жана пластик кабыл алуучу пункт жайгашкан жана чогултулган пластик менен металлдар кайрадан шаарга ташылып келинет. Ал эми Ош шаарында жергиликтүү таштандыларды кайра иштетүү боюнча алектенген жеке секторлордун өнүккөн тармагы жок. Турмуш жүзүндө пластикалык таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча бир гана ишкана ээси (предприниматель) бар.

Шаарыбыздагы турмуш-тиричилик таштандыларынын учурдагы абалына кайрыла турган болсок, чындыгында күндүн орчундуу маселелеринин бири десек жанылышпайбыз. Кайдыгерлигибизденби, айтор көрүлүп жаткан ар кандай иш чаралардын деле жыйынтыктары чыкпай жаткансыйт.


Дом Быта. Узгенская көчөсүндөгү абал (124-үйдүн каршысында).(2008-ж. Март айы)

Таштандылар адам өмүрүнө кандай таасирин тийгизет?

  • Ар кандай жугуштууу оорууларды жугузуучулардын жана аларды алып жүрүүчүлөрдүн санынын көбөйүүсү, мисалы чымындар, келемиштер
  • Адамдын ден соолугу үчүн, айрыкча жаш балдарга (айнек, эски оюнчуктар) коркунучтуу
  • Абанын, жердин, суунун булгануулары
  • Шаардын санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлашы
  • Жагымсыз жыттар
  • Шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузуусу


Мына ушундай терс жагдайларды азайтуу үчүн жана таштанды маселесинин маанилүүлүгүн карап № 2 – Сулайман-Тоо аймактык кенешинин кварталдык комитетинин, Ош шаарынын мэриясы жана ОБСЕнин Жергиликтүү Бюросу тарабынан «Ош шаарындагы таштандыларды чогултуу системасын жакшыртуу боюнча жергиликтүү пилоттук долбоору» иш жүзүнө ашырылган. Долбоордо төмөнкүдөй маселелер каралган: металл контейнерлер үчүн атайын бетон аянтча куруу, экологиялык талапка жооп бере турган атайын 40 контейнер коюу, тиричилик таштандыларын бөлөк-бөлөк чогултуу методун колдонуу, шаардын мэриясынын кийлигишүүсү менен таштандыларды сактоо үчүн заманбап ташылып чыгарылууну жана жыйналган пластмасса менен полиэтилендер бөлөк иштелип чыгуусу пландаштырылган, ошондой эле элдерге таштандыларды башка-башка чогултуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кыскасын айтканда, таштанды жашыктары жаңыланып (контейнерлер), алар таштандынын түрлөрүнө жараша түстөр (кызыл, жашыл, көк) менен айырмаланып, сыртына жазылып дагы коюлган.

Кызыл – тамак-аш калдыктары

Жашыл – айнек, металл жана кагаз үчүн

Көк – полиэтилен жана пластик үчүн

Бул иш чара аябай жакшы башталган, бирок жакшы жыйнтыгы болбоду көрүнөт. Анткени, баарына белгилүү болгондой баштагы эле баш-аламандык көрүнүш болду. Балким, башка-башка ташталган болсо дагы, аларды ташып алып кетүүдө долбоордо көрсөтүлгөндөй иш-аракет аткарылбагандыктан болду (себеби, машиналарга жүктөгөндө баары аралашып эле кетип жаткан).

Бул жерде айта кетүүчү нерсе, таштанды сакталуучу полигондор өз-өзүнчө болуп, пластмассаны өзүнчө, металлды өзүнчө, тамак-аш калдыктарын, жана кагазды өзүнчө бир полигонго сактап, андан кийин өрттөлө турганын өрттөп, кайра иштеле турганын ал жерден атайын иш каналарга алып кетсе болот. Ал эми азыркы учурда мындай методдорду колдонуу биздин өлкөдө байкалбайт. Азыркы күндө кээ бир таштандыларды өрттөө методу өнүккөн өлкөлөрдө кенири колдонулат. Мисалы, Россия Федерациясынын кээбир шаарларында калдыктарды өрттөө менен жылыткыч катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошндой эле, калдыктардагы кагаздарды кайрадан иштетип чыга турган болсо, анда ар жылы жүз миндеген гектар аянттагы токойлор сакталмак.

Өлкөбөздөгү айлана-чөйрө жаатындагы кээ бир мыйзамдардын сакталбагандыгынан, жана «балык башынан ирийт» демекчи тиешелүү мекеме-ишканалардын өз милдеттерин жакшы аткарбагандыгынан ошондой эле элибиздин экологиялык билиминин төмөндүгүнөн дагы азыркы күндө айлана-чөйрөгө көп көнүл бурулбай келет. Экологиялык билим менен тарбия процесси бөлүнгүс жана өз ара тыгыз байланышта. «Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» — деген элибиздин макалы бар. Ошол себептен адамдардын жаратылышка болгон мамилесин жакшыртуу үчүн ар бир үй-бүлөдө жана мектептерде экологиялык тарбия берүү өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндөгү» мыйзамынын 4-статьясында жергиликтүү бийлик органдарынын төмөндөгүдөй ыйгарым укуктары каралган: «Калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уйуштуруу, ал компоненттерди өзүнчө чогултууну(тамак-аш калдыктары, түстүү жана кара металл,текстиль, айнек, кагаз ж.б), калдыктарды сактоону, дайыма ташып чыгууну, зыянсыздандырууну, утилдештирүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону, калкты калдыктар менен иштөө, алардын сакталышынын абалы жана региондо кайра иштетүү боюнча маалымат менен кабардар кылуу».

Ошол эле мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктунда «Айлана чөйрөнүн булганышынын булагы болуп калышы мүмкүн болгон калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга ошондой эле аларды ишканалардын, мекемелердин уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өрттөөгө тыюу салынат»- деп көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнү ушул мыйзам аткарылып жатабы?

Бул суроого жооп алууда төмөнкү сүрөткө кайрыла турган болсок, мыйзамга каршы көрүнүш экенине күбө болобуз. Ошону менен бирге атмосфералык абанын булганып жатышы (белгилүү бир убакыт ичинде гана болуп жатса да) ал жерде жашаган адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Ал эми ушундай процесс жүрүп жаткан айланада бир гана адам баласы жашап, дем алып жаткан жок, андан башка канчалаган өсүмдүктөр, жаныбарлар жана канаттуулар жабыркашат.

Бул бир жагы болсо, экинчиден, абага көтөрүлгөн зыяндуу газдар «парник газдарынын» жана түтүндөрдүн пайда болушуна, көбөйүшүнө көмөкчү болушат. Демек, мыйзамдагы бир эле статьянын иш жүзүндө аткарылбай жаткандыгынан «таза айлана-чөйрөдө жашоого» болгон укугубуз да бузулууда.

Ал эми ушул эле 8-статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй «Айлана-чөйрөнүн булганышынын булагы болуп саналган калдыктар атайын полигондордо же калдыктарды жайгаштыруу үчүн башка бөлүнгөн жерлерде жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, сакталууга же көмүлүүгө, болбосо атайын орнотмолордо өрттөлүүгө тийиш». Ал эми жогорудагы сүрөттө көрүнүп тургандай калдыктар атайын орнотмолордо өрттөлбөйт. Мындай көрүнүш айрыкча жаз, күз мезгилдеринде көп кездешет. Анткени ал калдыктар көбүнчө бак-дарактардан түшкөн жалбырактар. Бир эле алар эмес, негизинен таштанды төгүлүүчү жайларда күнүмдүк тиричилик калдыктарынын өрттөлүп жатканын көрүүгө болот.

Демек, жазылган көпчүлүк мыйзамдар кагаз бетине жазылган боюнча китеп ичинде сакталып жатат.

Ошентип, турмуш-тиричилик таштандылар жаатындагы маселелерди жана айлана чөйрөнүн абалын жакшыртууда элибиз экологиялык маалымат менен камсыз болуусу керек. Белгилүү коомдук ишмер И. Разаков: «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» — демекчи, ар бир адам өзү жашаган айлана чөйрөсүн таза тутуусу жана тиешелүү мекеме иш-каналар да өз жоопкерчиликтерин сезүүсү зарыл.Ошондой эле таштандыларды түрүнө карай бөлүп чогултуудан мурда аларды бөлөк –бөлөк иштетип чыгуучу ишканалар же өнүккөн өлкөлөрдүн методдорун колдонуу менен таштанды өрттөөчү заводдордун курулуусу зарыл жана таштандыларды түрүнө жараша өз-өзүнчө полигодорго чогултуп, андан кийин ал жерден утилизацияга жөнөтүү керек.

Ошондо гана баарынын жыйынтыгы болот. Ал эми мыйзамдагы талаптардын аткарылуусу үчүн мамлекеттин көзөмөл жүргүзүп туруусу чон мааниге ээ.

Сен таза болсоң,

Мен таза болсом,

Ал таза болсо,

Айлана-чөйрө да таза болот!

Каримова Калыс

Ош Мамлекеттик Университети

География жана жаратылышты пайдалануу факультети, 4-курстун студенти.

Вам может также понравиться...