Студенттер токой проблемалары менен таанышышты

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы токой жана жангакчылык инситутунуну окумуштуулары Жалалабат Мамлекеттик Университетинин Биология факультетинин студенттери менен жолугушушту. Студенттер окумуштуулардын иши менен ордунда таанышып, институттун жетишкендиктерин жана токойчулардын койгойлуу маселелери туурасында практика жузундо корушту.

Инситуттун кызматкерлери Давлет Мамажанов, Зикир Сарымсаковдордун айтымына караганда, мындан коп жыл мурун план боюнча эгилген ар турдуу бак – дарактарды суюлтуу керек. Анткени, бак-дарактардын баары эле бирдей жерде осо бербейт. Мисалы, алардын ар бир туру учун жагымдуу шарт болушу зарыл. Мырза-терек, кайрагач, карагай, арчаларды озунчо эгип, ал эми мисте, бадам учун кургак кыртыш зарыл. Жангак учун абасы ото кургак эмес нымдуу жер жакшы. Анын осушу учун эн эле ынгайлуу жерлер тоо боорунун кунгой жагы.

Токойдо жаныбарлардын 25 туру, канаттуулардын 80ден ашык туру, курт-кумурскалардын коп сандаган турлору бар. Осумдуктор осуш учун жер кыртышындагы минералдык заттарга муктаж. Курт-кумурскалар азыктануу булагы катары осумдукторго муктаж. Аларды ак-тиш жер чукугучтар жешет. Алар менен уку азыктанат. Ал эми уку олгондо анын денеси чирип, жерди семиртет. Бири-бирине коз каранды болгон осумдуктор менен жаныбарлар азыктануу тизмегин тузушот. Ушул байланыш аркылуу токойдо жаныбарлар менен осумдуктордун ортосунда тен салмактык сакталат. Эгерде, бадалдардын, сут эмуучулордун, курт-кумурскалардын бир эле туру жоголуп кетсе, анда токойдун био турдуулугу азайып, токой алсыздана баштайт.

Давлет Мамажановдун айтымында,Жалалабат областынын Базаркоргон районуна караштуу Кызыл-Ункур айылындагы Жангак токойун аста секиндик менен туп тамырынан кесип уурдап кетип жатышат. «Буларга эч кандай кршылык корсото албайбыз, — дейт ал. — Биз бул туурасында газета, журналдарга же телевидениелерге айтып жарыялагандан башка колубуздан эч нерсе келбейт. Азыр билинбеген менен он жылдан кийин токойдун абалы кандай болот? Биз азыртан аракет кылып, оз жерибизди коргоп, кесилген бак-дарактардын ордуна жаны кочот отургузушубуз керек».

Студенттер оздорун кызытырган суроолорун беришип, тиешелуу жоопторду ала алышты.

Вам может также понравиться...