Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө жаңгак, бадам, кайрагач көчөттөрү отургузулууда

Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтү эл аралык ПРООН уюму жана Кочкор-Ата токой чарбасы менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде жер көчкү коркунучу бар адырларга учурда 100 түп жаңгак, 500 түб кайрагач, 100 кг бадам уругун отургузушту.

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Музафар Исаковдун берген маалыматына караганда, үч тараптуу келишим 5 жылдык мөөнөт менен түзүлгөн. Бул аралыкта жер көчкү коркунучу бар 5 гектар жерге келишимдин негизинде 5,5 миң даана бадам, 500 даана мисте, 5 миң түп кайрагач отургузулушу керек.

«Жекшемби күнү 200 адам катышкан чоң ишембилик болуп, анда Кочкор-Ата токой чарбасынан алып келинген 1000 даана жаңгактын 100 түбү көчкү коопсуздугу бар, жердин кыртышы эрозия болуп кеткен жерге суунун боюна отургузулду. Калган жерлерге да жаңгак көчөттөрүн отургузуу жүрүп жатат. Мындай ишембиликтер мынадан ары да улантылып, айлана-чөйрөнү тазалоо, көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлө бермекчи», — дейт М.Исаков.

Анархан Жаңыбаева
Жалал-Абад

Вам может также понравиться...