Ташкомур шаарындагы тренинг

Жакында Ташкомур шаарында «Экологиялык онугуу» коомдук фонду тарабынан «Турмуш-тиричилик таштандыларын жана ондуруш калдыктарын жонго салуу» деп аталган темада тренинг откорулду. Тренингге Жалалабат областтык айлана-чойрону коргоо башкармалыгынын, шаардык Мэриянын, «Мээнет» коммуналдык чарбасынын, экологиялык-санитардык кызмат корсотуу, шаардык оорукана кызматкерлеринин окулдору, бейокмот, коомдук уюмдардын окулдору жана шаардын активисттери катышты.
Тренингдин журушундо шаарда таштанды маселесин жакшыртуу жана ага жергиликтуу бийлик органдарын активдештирип, коомчулуктун активдуу катмарын катыштыруу боюнча маселелер каралды. Андан сырткары Ташкомур шаарынын таштанды маселелеринин проблемаларын чечуу жана жакшыртуу максатында катышуучулардын томонку сунуш-пикирлери аныкталды:

  1. Мектеп окуучуларынын арасында тушундуруу иштерин жургузуу;
  2. Жергиликтуу элдер менен иштеп, тушундуруу иштерин жургузуу;
  3. Шаардагы коомдук комитеттердин иштерине жардам корсотуу;
  4. Ишканалар, уйлор жана кочолордун арасында тазалыкты сактоо максатында ар турдуу «Тазалык» конкурстарын уюштуруу;
  5. Проблеманы чечуунун устундо иш алып баруучу демилгечи топту уюштуруу;
  6. Шаардык кенештин денгээлинде жазана санкцияларын (тартип бузуучулар учун) уюштуруу;
  7. Таштандыны таштоочулар жана ташып чыгаруу учун бирдиктуу тарифтик толомдорду иштеп чыгуу;
  8. Жеке ишкерлер (кафе-ашканалары, сулуулук салондору, сауналары бар адамдар) учун озунчо тарифтик толомдорду иштеп чыгуу;
  9. Шаардык коммуналдык чарбанын туруктуу структурасын тузуп, аны техникалар менен камсыздоо;

Тренингдин аягында демилгечи топ уюшулуп, ал шаардык мэрия, «Мээнет» коммуналдык чарбасы, экологиялык-санитардык кызмат корсотуу жана 6 коомдук комитеттердин окулдорунон турган (бейокмот уюмдар, жергиликтуу жашоочулар) курамдан тузулду. Андан сон демилгечи топтун иш планы иштелип чыгып, ал томонку иш-чаралардан турду:

  1. Жергиликтуу жашоочулар учун таштандыларды жыйноо, ташып чыгаруу боюнча бирдиктуу тарифтик толомдорду тактоо жана кабыл алуу;
  2. Шаардык таштанды ташталуучу жаны аянтты аныктоо жана бекитуу;
  3. Шаарга таштанды ташталуучу контейнерлер учун жайларды аныктоо жана шаардык Мэриянын буйругун чыгаруу;
  4. Таштандыларды атайын топтолуучу жайларга таштабагандар учун санкциялык жазаларды иштеп чыгып, шаардык Мэриянын токтомун кабыл алуу;
  5. «Тынчтык» коомдук комитетине (долбоор иштетилип жаткан аймактын чегинде) таштандылар боюнча козомолдоп, башкаруу жургузуу учун Мэриядан уруксат алуу;
  6. Экология жана ден-соолукту сактоо комитеттеринин 2007-2008 жылдар учун бюджетин жана иш пландарын шаардык кенеште угуу.

Жогорудагы иш-чаралардын аткарылышы боюнча Демилгечи топтун мучолру оздоруно милдеттенме алышып, анын жыйынтыгы боюнча 2008-жылдын 14-мартында болуп отуучу Коомдук угууда талкууга коюшат.

Вам может также понравиться...