Таштанды маселесин эл аралык уюм чечмекчи

Ош шаарын таштандыдан тазалоо маселесин Коопсуздук жана Европалык кызматташуу Уюму колго алмай болду. Бул туурасында ЕККУнун Түштүк аймагындагы бюросунун директору Жером Буйжу маалымат берди. Алар пилоттук алгачкы долбоор үчүн шаардын борбордук райондорунун бири болгон 2 кварталдык комитетти же шаардагы «Араван» чакан районунун аймагын тандап алышты. Долбоордун ишке түшүрүлүшү менен аталган кварталдык комитетинин аймагына 40 контейнер коюлуп, таштанды күнүнө 2 ирет ташылып кетилүүсү күтүлүүдө. ЕККУ өкүлдөрү ошондой эле кварталдык комитеттер менен кызматташууда алардын ишин жакшыртып, акча чогултуу, таштандыны ташып кетүүдө ачыктуулукка жетишүүнү көздөшүүдө. Шаар мэри Жумадыл Исаков менен болгон жолугушууда Жером Буйжу элдин аң сезимин өзгөртүү зарылдыгын айтып, ал үчүн түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүнү белгилеп, «рекламалык щиттер үчүн жер бөлүп берсеңиздер, айрым учурларда көмөк көрсөтсөңүздөр»,- деди. Ал эми шаар башчысы зарыл учурда жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

www.zaman.kg

Вам может также понравиться...