Терек-Сайлыктардын талабы менен Иштамберди рудниги өз ишин убактылуу токтотту
Экологические новости Джалал-Абада от Анархан Жаныбаевой (Информация с мест событий о сложной ситуации на месторождении Терек-Сай и экологических нарушениях).
Чаткал районунун Терек-Сай шаарчалык округунун тургундары Иштамберди руднигин иштетип жаткан Кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын ишине каршы болушуп, 17-18-август күндөрү жолду тосушуп, компанияга тиешелүү автоунааларды өткөрбөй турушкан. Ал эми 18-август күнү жергиликтүү тургундардын аталган кен руднигине барып «Кытайлык компания ишин токтотуп чыгып кетсин!» — деген талабынын негизинде компаниянын вице-президенти Чен мырза үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн коопсуздугун сактап ал жерден убактылуу чыгып кетти. Аталган компания өз ишин комиссия иликтеп чыкканга чейин токтотуп турууга аргасыз болду.
Жалал-Абад облусунун губернатору Азизбек Турсунбаев баштаган бир катар облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери 18-август күнү Чаткал районуна болгон иш сапарында алгач эки күндөн бери жол тосуп турушкан Терек-Сай шаарчалык округунун Горняк-2 участкасынын 100гө жакын тургундары менен жолугушуп, алардын койгон талаптарын угушту. Нааразылык акциясынын катышуучусу Курбаналы Ахмадалиевдин Терек-Сай шаарчалык округунун тургундарынын атынан КР өкмөтүнө төмөндөгүдөй талаптарды окуп берди:
— Биринчиден, биз Иштамберди руднигинде цианид менен алтын өндүрүүгө каршыбыз жана ал жерде даярдалып жаткан аянтча толугу менен токтотулсун;
— Экинчиден, эгер Иштамберди руднигинде алтынды цианированиеден башка жол менен өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, анда фабриканы жана рудникти толугу менен токтотууну талап кылабыз;
— Үчүнчүдөн, биз койгон талаптар тез арада чечилмейинче, жол кытайлар үчүн толугу менен жабылат.
Терек-Сайлыктар жогорудагыдай талаптар менен жол тосконго чейин Жалал-Абад облусунун губернатору А.Турсунбаевге кайрылуу жолдошкон экен. Кайрылууда алар «Фулл Голд Майнинг» компаниясы өздөрүнүн долбоорунда каралган фабрикада флотация жолу менен гана алтын өндүрүүгө киришпестен, бүгүнкү күндө цианидди пайдаланып алтын өндүрүү үчүн үймөктөрдү даярдап, акиташ менен аралаштырып койгондугуна тынчсызданууларын билдиришкен. Облустук бийлик тарабынан 2-августта 7 адамдан түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгын да камтышкан. Мындан сырткары, комиссия компаниянын кампасында жыйылган химиялык заттарды аныктай алган эмес. Себеби, баары кытайча жазылган жана аларды ташып келүүгө, сактоого уруксат берилген иш кагаздары жок болуп чыккан. «Иш кагаздар Бишкекте» — деген гана жооп айтышкан.
Кайрылууда жазылган жүйөлүү се бептерди нааразычылык акциясына чыгып жол тоскондор облус губернатору А.Турсунбаевге да айтышты. Алардын айтымдарына караганда, бүгүнкү күндө «Фулл Голд Майнинг» компаниясы алтын өндүрүү багытында иш жүргүзүп жаткан Иштамберди рудниги Терек-Сай шаарчалык округунан 20-25 км аралыкта жайгашкан. Аймактык бөлүштүрүү боюнча кен рудниги Ала-Бука районуна караштуу болсо да, Иштамбердиде алтын өндүрүү боюнча жүрүп жаткан иштердин көп терс жаткары Терек-Сай шаарчалык округунун жашоочуларына кооптуу жана жагымсыз жагдайларды пайда кылууда. Атап айтканда, өтө оор жүк ташып, күнү-түнү тынбаган машиналардын айынан райондорду байланыштырган жалгыз жол бузулууга дуушар болгон. Көз ачырбаган чаң, суунун ылайланышы, бул маселелерди оң жагына чечүү боюнча калктын кайрылууларынан жыйынтык чыкпай жаткандыгын губернаторго билдиришти.
Мына ушундай талаптарды бардык тургундар ачуу кыйкырык менен айтышты. Терек-Сай шаарчалык округунда жашаган 76 жаштагы Наралы Мусабеков аксакалдын сөзүнө караганда, тургундар арасында ар кандай жугуштуу оорулар: кытышкы, тери оорулары, кан басымдын көтөрүлгөнү көбөйгөн. Жаш балдар арасында сарык, ич өткөк оорулары күчөп кеткен. Суунун боюнда көгөргөн жыгач жок, баарын алтын алабыз деп кытайлыктар казып, жолдорду бузуп, суунун нугун өзгөртүшкөн. «Экологдордун күчү жетпейт. Кичине акча берип койсо унчукпай калышат. Экологдор ушинтип атса, анда ким бизге күйөт!», — дейт аксакал. Эгин эккенге жери жок. Иштин жоктугунан жаштар миграция менен чет жакка чыгып кетишкен.
Наралы аксакалдын айтымында, Иштамберди руднигинде жашап иштегендердин алкынды кир суулары жана канализациясы туура Сай суусуна түшөт экен. Башка таза суу иче турган канализация жок болгондуктан, Горняк-2 участкасынын 3 миң түтүн 20 миңден ашык тургундары сууну ушул Сай суусунан алып пайдаланышат. Өтө оор техникалар өткөндүктөн, аларга күндүзү да, түндөсү да тынчтык жок болуп жатыптыр. Жолдор асфальт болбогондуктан, алар чаңды жутуп, дем алуу органдары жабыркап жаткандыктарын баса белгилешти. Кооптонгондору кийинчерек эркектерде тукумсуздук пайда болуп калса, анда кандай арга кылабыз деген ачуу чындыкты айтышты.
Ал эми облустук санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Үсөн Жоробаевдин айтымында, бул жердеги жугуштуу оорулардын көбөйүп кеткендиги азырынча байкала элек. Мурдагыдай эле калыбында турат.
“Кыргызалтын” ишканасынын Терек-Сай кен иштетүү филиалынын директору Ашим Кимсановдун сөзүнө караганда, Иштамберди рудниги боюнча эл дин нааразылыгы чыккандан кийин, ал өз алдынча иликтөө жүргүзгөн. Буга чейин Иштамбердинин жетекчилиги бир гана флотациялык фабрика курулат – деп айтып келишкен экен. «Мен да силерге ошентип түшүндүрүп келгемин. Анан кийин булар тоонун чокусуна аянтча кылып, руда менен акиташты аралаштырып үйүп, цианиддин суюктугун бергенден кийин, алтын агып түшөт. Муну кучный вышылащивание деп койот. Ага сөзсүз цианид колдонот. Ансыз алтынды бөлүп ала албайт. Муну мен Бишкектен да сураштырып билдим. «Фулл Голд Майнинг» компаниясы бишкектик «Эко сервис» деген компания менен келишим түзүп, булар долбоор жасайбыз дешкен. Алар цианид колдонгонго макулдук бербей жатыптыр. Долбоор жок, эми долбоор болбойт. Бул жактагы кучно вышылащивание боюнча жүргүзгөн иштери токтойт. Ал эми флотация боюнча курулган фабрика ишке киргизилет», — деди ал.
А.Кимсановдун айтымына караганда, Иштамберди кени Ош-Эркештам жолун салуу үчүн Кытайлыктарга белекке берилген. Булардын ишти баштаганына үч жыл гана болгон. Терек-Сайлыктардын азыркы абалы өтө оор. «Себеби, бизге тиешелүү Тереккан, Перевальная, Чапчыма, Чаар-Таш кендеринин лицензиясын “Кыргызалтындан” 2008-жылы КР өкмөтү алып койгон. Тереккан кенинин бир бурчунда отурабыз. Мындайча айтканда, жалгыз бутубузда турабыз, экинчи бутту койгонго жер жок. Ушуну кайта-кайта чечкиле деп жатабыз. Биз азыр мындай маселе коюп жатабыз, ушул региондо бир жерге гана чоң фабрика курабыз. Дүйнө жүзү боюнча алтынды бөлүп алыш үчүн цианид колдонот. Аны колдонуп, ар кайсы сайды цианид кылбай, бир жерди белгилеп, бир жерде иштетүү керек. Ошондо өнүгүп, алтынды канча өндүргөндүн эсеби болот. Бүгүнкү күндө канча алтын алып жатканынын так эсеби жок», — деп кошумчалады А.Кимсанов.
Жол тосуп тургандар губернатор А.Турсунбаевди Иштамбердиге барып, руданы акиташка аралаштырып, ага цианид кошуп алтынды ачык асманда бөлүп алуу иши башталган аянтча менен таанышып келүүсүн талап кылышты. Облус губернатору элдин талабы менен Иштамберди руднигине барып, тоонун чокусуна кыйма-чийме жол менен чыгып, кытайлык компания 2 гектардай жерди тегиздеп койгон жер менен таанышты. Анан губернатор долбоору жок, экологиялык жактан уруксаты болбогонуна карабай цианидди пайдаланып алты н өндүрүү үчүн үймөктөрдү даярдап, жаңы ыкмада щелочтоого зарыл шарттарды түзүшкөнүн көрүп туруп таң калганын жашырган жок.
Тиешелүү органдардан уруксат албай туруп, жаңы ыкманы иштетүү үчүн даярдоого киришкен себебин «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын вице-президенти Чен мырзадан сурады. Ал аталган аятча 2-августтан бери жергиликтүү элдин талабы менен токтоп турганын, долбоорун бүтүрүү иштери жүрүп жатканын айтты. «Күндүн ысык мезгилинде гана бул ыкма жакшы натыйжа берерин, күн суук болуп кете электе алтынды өндүрүп алууга аракеттендик. Пайда табууну көздөгөн жокпуз» — деди Чен мырза.
«Бардыгы мыйзамдын чегинде болуш керек болчу. Долбоору болбогондон кийин, бул жерди кайра калыбына келтирип, ишти токтотуу керек», — деген талабын койду облус губернатору.
Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рысбек Акеншаевдин берген маалыматы боюнча, кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясы эч кандай долбоору жок, экологиялык экспертизадан өткөрбөй, Ала-Бука токой чарбасынан чалгындоо иштери үчүн алган кошумча 13 гектар жерди өз алдынча жер кыртышын бузуп, экологиялык көп зыяндарды алып келген. Ондогон түп арча, жана бадалдар жок кылынган. Тоо бооруна кыйма-чийме тилинип жол салынган. Бул жерде кийин жер көчкүлөр болушу мүмкүн. «Жер кыртышын өз алдынча бузгандыгы үчүн июнь айында экологдор тарабынан ишти токтотуу боюнча талап коюлган. Ошого карабастан ишти алар уланта беришкен. Кийин 1 млн. 621 миң сомдук айып салынган. Компания айып акчаны төлөбөй койгондуктан, Жалал-Абад райондор аралык сотуна өткөрүлүп берилген. Экологдор бир жылда бир гана жолу текшерүүгө укуктуу. Бир жыл аралыгында кандай иштер болуп жатканын билишпейт», — деди Р.Акеншаев.
Иштамберди руднигине келген жергиликтүү тургундар губернаторго кытай компаниясы кыргыз атуулдарына азыраак маяна төлөп жатканын белгилешти. Алсак, алар 3,5-5 миң сом айлык алса, кытай жарандары 60 миң сомго чейин айлык алышат экен. Ал жерде иштегендердин көбү Ала-Букалыктар болгонуна да нааразычылыктарын жашырышкан жок. Өзүнүн атын атагысы келбеген жаш кыз Иштамбердиде 3 айдан бери иштеп, 20 миң сомдон айлык маяна алып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, «Кыргызалтын» ишканасынын Терек-Сай кен иштетүү филиалында иштегенде 5 миң сом араң алчу экен.
А.Турсунбаев рудникке келген Терек-Сайлык 100гө жакын тургундарга алтын кендерин иштетип жаткан фирмалардын иштерин атайын Бишкектен адистердин катышуусунда комиссия түздүртүп текшергенден кийин, туура иштегени калып, туура эмес иштеген фирмалар кете тургандыгын айтты. Чен мырза да жергиликтүү тургандардын суроолруна жооп берип, Бишкектеги жетекчилери менен сүйлөшкөндөн кийин тоонун чокусундагы аянтчаны жабуу маселесин чечээрин, туура эмес иш кылса, жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.
Бирок, облустун губернатору баш болгон жет екчилер менен Чен мырзанын сүйлөшүүсү боюнча түзүлгөн протоколдун Токтому да натыйжа бербеди. Алар «Кытайлык компания чыгып кетсин!»- деген талапты коюп туруп алышкандыктан улам, акырында Чен мырза жергиликтүү тургундардын койгон талабы менен офисин таштап, үй-бүлөсү менен Ала-Букага чыгып кетти. Иштамберди руднигин комиссия текшерип, бир жыйынтык чыгарганга чейин өзүнүн ишин убактылуу токтотуп турмай болду.
Анархан Жаңыбаева,
Жалал-Абад шаары