УЛУУЛАР БАСКАН ЫЙЫК ЖОЛДУ УРПАКТАР ДАЙЫМ ЭСКЕРЕТ
Эл жердин тарыхы өткөндөн кабар берүүчү негизги булак болуп саналат. Ю. Гагарин эӊ алгачкы жолу комоско учкандай, ар бир ачылыштын биринчилери болот. Анын сыӊарындай өлкөбүздүн жетинчи облусу Баткен жергебизди түптөөдө нечендеген эр өөэли-жери үчүн өз өмүрлөрүн тартуулашты. Бул ирет биз биз Токтогул олуя жана анын артында калган осуяттары жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
1800-жылдар Кокондо, Бухарада бир туугандардан ырк кетип, бир атанын бектери бири-бирине жат болуп, хандар тез-тез алмашып, курмандык үчүнадам чабылып турган заман эле. Саруулардын ичинен Токтогул өзгөчөлөнүп башкача боло чыкты. Узун бойлуу дөө келбет бул адам бирде Дарканда болуп, бирде Кокондон көрүнчү.
Ал бала кезинде достору менен ойноп Намазгөйгө келет. Кеч кирип балдар үйлөрүнө тарашат. Токтогул болсо, узун жайылган таштын үстүндө уктап калат. Түшү аян болот. Түшүндө асмандан бир жарык келип, анын бүт денесин каптап ысытат. «Сен бул каситеттүү таштын үстүнө күнөөсүз инсан болуп келдиӊ.ушул таштын ээси болуп каласыӊ. Али келе элек жүз жылдарды көрөсүӊ. Өзүӊдү таза тут жакшылык үчүн сенин үнүн кудайга жетет» деген сөздөрдү угат. Асмандан түшкөн бир үзүм жарык басса-турса бабабызды ээрчип жүрөт. Ошол ошол болуптур Токтогулда башкача бир касиеттер пайда болуптур.
Токтогулдун олуялык касиети улам артып, кыйла элдин арасында күбүр-шыбыр кептерди пайда кылат. Кокон, Бухара, Самарканд өкүмдарларынын кызыгуусун арттырат.
Токтогулдун ыйык туткан жери Ак-Таш болгон. Анын чокусунан Баткендин чар тарабы көрүнгөн. Олуя чокуга чыгып, ар тарапка көз чаптырып, баткендин али келе элек жүз жылдарын айта берчү экен. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок, саябан тутарга дарак жок, тамчы суу көздөн учкан боп-боз талаага көз чаптырып:
« Ээ-эй калайык калк укккула! Укпай калдым дебегиле! Бу катар-катар салынган ак тамдарды карагыла, бу бак-шак өрүкзарларды карагыла, катар – катар салынган кыштактары шаар болот, анда жүргөн ар кыл улут элдерди карагыла, бу буркан-шаркан аккан сууларды карагыла, бу түгкү жылдыздардай жамынган чырактарды карагыла»деп айткан экен.
Токтогул олуянын таржымалын уккан Самарканд өкүмдары аны көрүүгө кызыгып калат да, желдеттерине таап мында алып келгиле деп буйрук берет. Анны алып келишкенче хан ваазирлерименен амал ойлоп коюшат.
«Палоо демдегиле. Бетине мышыктын этин баскыла. Анык олуя болсо ушуну билет. Жөн жүргөн бир дөөпараз болсо мышыктын этин жеп алат,-дейт хан. Желдеттер олуяны ордого алып келишет. –«Кана дубана оокатка караӊыз» дейт хан. Токтогул билегин түрүп, колун этке карай сунуп, «Пыш! Жаныбар! »-дейт. Палоонун бетинде басылган эт капкара мышыкка айланып, сыртка атырылып, чыгып кетет. Ошол тапта асманда учуп бараткан топ өрдөккө карап мындай деп жар салган экен:
«Ээ калайык уккула! өрдөк асманда учканы менен эки көзү көлдө. Ошол жердеи көк мелжигенкөлдү карагыла. Андан аккан суулары Баткендин таштарына гүлжатканын карагыла. Асманда учкан темир кушка адам минип, оо, шаар менен бу шаарга барып келип жатканын карагыла!»
Токтогул бир күн элине «мен көз жумсам мени Намазгөйгө
таш жайнамазымдын жанына койгула, намазгөйгө койсоӊор, бу дүйнө, ал дүйнө ит аягыӊарга чейин алтын мисс болот» дейт.
Арадан жылдар өтүп, Токтогул ааламдан өтөт. Айыл аксакалдары алтындан намыс кымбат дешип, анын сөөгүн Балыкчыга жашырышат.
Андан канчалаган жылдар өттү. Ошондогу олуянын айткандары биринин артынан бири келе баштады. Даркан аты өчүп, Рауткаут деген капкара бак болуп, мына эми кыштактын аты да Карабак. Токтогул олуя айткандай, Баткенде көк мелжиген Төртгүл көлү курулуп, анын сууулары боп-боз талааларды гүлдөттү.
Төртгүл жана анны куру жөнүндө демилгени 1963-жылы Исхак Раззаков көтөрүп чыккан. 1972-жылы Төртгүл суу сактагычынын курулушу толук бүтүп пайдаланууга берилген.
ондогон айыл – кыштактар пайда болду. Өзгөргөн жердин өскөн элинен не бир аты далайга кеткен инсандар чыкты.
Токтогул олуя айткандай жергебизде узак менен жакынды байланыштырган темир канат самолеттор пайда болду. Баткен аэропорту 1958-жылы ачылган. Анын биринчи жетекчиси болуп В. Лушный келген. Ал мезгилде «Як-12» самолету каттаган. «Ош-Баткен-Ош» каттамы боюнча гезит-журналдарды ташыган. Болгону үч орундуу самолет болгон. 1984-жылы биринчи жолу «Як-40» самолету конгон.
Ата-бабаларыбыздын айтымында олуя айтып откондордун копчулугу болду, дагы деле болуп келе жатат. Эн негизгиси — убагында бааланбай көзү өтүп, айткандары төп келип жаткан учурда ынанып жатпайбызбы? Токтогулдун ыйыктыгын, Намазгөйдүн ыйыктыгын ар бир инсанды тазалыкка чакырган улуулугун колго алып, муундан-муунга өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Анткени биз үчүн мындай тарых окуясын билүүгө түрткү берген «Намазгөй» деген жай калды. Аталган жай бугунку кундо Токтогул олуянын урпактары тарабынан кароого алынып, каалоочулардын эс алып, зыярат кылуучу жерине айланган.
Башкы маселе бул жерди мынданда коркуно чыгарып, касиеттүү экендигин даназалап, жергиликтуу жашоочулар эле эмес, туристтер да келип, аймагыбыздын руханий, маданий, экономикалык онугуусу озгорот беле деген тилек.
Канышай Ашимова
Баткен шаары