Чаткалдагы «Эвентус» ЖЧК ишканасынын ишин тиешелүү органдар текшерип чыгат

Ала-Бука-Чаткал автожолун бойлой дарыянын жээгинен экологияны сактабай алтын казган «Эвентус» ЖЧК ишканасынын ишин карап чыгуу үчүн КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы О.Артыкбаев менен КР өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси И.Чунуевке КР өкмөт башчысы атайын тапшырма берди.

КР өкмөт башчысынын пресс-катчысы Мелис Эржигитовдун берген маалыматына караганда,  «мындан ары мындай жол менен алтын казганга болбойт. Бул компаниялар алтынды алып кетип жатышат. Бирок, биздин жолубуз, жаратылышбыз зыянга учурап жатат» — деп КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев өзүнүн тынчсыздануусун билдирген.

Мындан сырткары, өкмөт башчы өзүнүн эки күндүк Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында 24-октябрь күнү түштөн кийин Терек-Сайдагы алтын кен комбинатында болуп, алардын Тереккан алтын кенин иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчүн карап чыгууну тиешелүү министрлерге тапшырма катары берген. Келээрки жылы март айында Терек-Сайда алтын кенин иштете турган жаңы комбинат куруу маселеси да колго алынды.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шары

Вам может также понравиться...