Экологиялык уюмдун дагы бир акциясы

Акыркы эки жылдык моонотто Ош шаарындагы Курманжан Датка кичи районунда жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин Табият-Таануу факультетинин окуу корпусунун чыгыш тарабынан агып откон Чоё Увам каналынын жээгиндеги осуп турган жапайы: итмурун, долоно, жапайы алча, жийде сыяктуу осумдуктор окуу корпустун коменданты жана кароолчусу, бир туугандар Капаровдор тарабынан уруксатсыз, айоосуз отунга пайдалануу учун кыйыла баштаган.

 

Бул боюнча бир нече жолу ал адамдарга эскерткенибизге карабастан ал иш аракеттер токтотулган эмес. Андан сырткары жогорудагы адамдар тарабынан “Табият-Юг” фондунун дендрологиялык багынын аймагынан 30 туп дарактар Ак-Буура дарыясынын устунон автоунаалар учун копуро куруу максатында кыйылган эле. Убакыттын отушу менен ар кандай саясий кырдаалга байланыштуу ал копуронун курулушу токтотулган. Ушул кезге чейин ал кесилген дарактарды ордуна тургуза элек.

Ушуга байланыштуу 2006-жылдын 20-мартында “Табият-Юг” экологиялык коомдук фондунун мучолору Кыргыз Республикасынын окмотунун алдындагы айлана-чойрону коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенствосуна караштуу Ош аймактык курчап турган чойрону коргоо башкармалыгына кайрылууга аргасыз болгонбуз. Ал кайрылуунун жыйынтыгы боюнча 23-мартта текшеруу жургузулуп, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык акт тузулгон. Ал актыдагы келтирилген маалыматтар боюнча, ал жерден: 5 туп тал, 7 туп клен, 10 туп кайрагач, 9 туп долоно, 7 туп жийде дарак осумдуктору кыйылгандыгы аныкталып, алар оз ордуларына кайрадан олтургузулган. Тиешелуу адамдарга 4432 сом олчомундогу материалдык жаза ыйгарылган. Андан сырткары эки жылдан бери калыбына келтирилбеген дендрологиялык бактагы дарактардын баардыгы кайрадан олтургузулду.

Стамалиев Кутманалы,

“Табият-Юг” экологиялык

коомдук фондунун мучосу

Вам может также понравиться...