“Кыргызстандын саясий, социалдык –экономикалык жана руханий туруктуулугу: көйгөйлөр жана келечек " аттуу илимий конференция

NGU_crКыргыз Республикасынын билим жана илим Министрлиги Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети “Кыргызстандын саясий, социалдык –экономикалык жана руханий туруктуулугу: көйгөйлөр жана келечек » аттуу Нарын мамлекеттик университетинин түзүлгөнүнүн
15 жылдыгына арналган илимий конференция. 2011 – жылдын, 20-21 майы, Нарын шары

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ТЕМАСЫ

Туруктуу өнүгүүдөгү билим менен илимдин орду жана ролу
Руханий жаңылануунун багыттары;
Экономикалык кризис жана аны чечүүнүн багыттары;
Экологиялык абалдын туруктуу өнүгүүгө таасири;
Туруктуу өнүгүүдөгү техниканын жана технологиялардын ролу.

Конференцияга катышуунун шарттары

Конференцияга катышууга каалоосун билдирүү жана докладдын тексти 2011 жылдын 8-майга чейин уюштуруу комитетинин дарегине жөнөтүлүшү керек. Мүмкүн болсо бул материалдар электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөнү дурус, андай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда материалдарды дискке жазып, кагаз түрүндө бир экземпляры менен НМУнун адресине жөнөкөй почта менен жөнөтүп жиберүүгө болот
Сиздердин материалдарды жана катышуу акысын алгандан кийин, уюштуруу комитети 2011 жылдын 10-майыначейин Сизге конференцияга катыша тургандыгыныз жөнүндө бекемдөө жиберет.
Конференциянын материалдары «ЖОЖдордун кабарлары» журналына конференциянын башталаарына чейин чыгарылып даяр болот. Бир бет материалдын баасы 85 сом. Чет элдик авторлор үчүн материалдын бир бети 3$.

Докладды даярдоонун шарттары:

Докладдын көлөмү 6 беттен ашпаш керек;
Докладдын тексти (орус же кыргыз тилдеринде) А4 форматында «Times New Roman» №14 шрифт, кагаздын четинин бардык жагынан 2 см. ачык калтыруу керек, саптардын ортосу бир интервал.
Докладдын структурасы:
УДК жана докладдын аталышы
Автордун ата-теги, аты, иштеген жери, e-mail.
Кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотация
докладдын негизги тексти (текстти орфографиялык жана синтаксисттик жактан кылдат текшерүүңүздөрдү суранабыз)
Колдонулган адабияттардын шилтемелерге ылайык тизмеси

УЮШТУРУУ ТОБУ

Ажыбаев Дуйшен Мокешович
Тел.: (3522) 5-07-97 (иш.), (3522) 5-10-15 (үй.),
Факс: (3522) 5-08-14
E-mail: azhybaev@yahoo.com

Турдугулова Калбүбү Макулбековна
Тел: (03522) 5-33-36 (иш), (03522) 5-02-51(ъй)
E-mail: otdel-nauki-nsu@mail.ru

Конференция жөнүндө маалымат университеттин электрондук барагында жарыя болуп турат:
http://www.nsu.ktnet.kg

Биздин реквизиттер:
Дарек: 722900, Нарын ш., С.Орозбакова коч., 47.
Бухгалтериялык дарек:
Нарын РОК-1 -500802520 «Нарынгосуниверситет»
Р/с: 1290242382410094,
Банк: ОАО «РСК-Банк» г. Нарын, МФО 129024

Вам может также понравиться...