Кылымдарды карыткан кыргыз суусундугу
Жумурткадай ак боз үйлөрдү тигип, алкынган азоо аттарды үйрөтүп минип, ат жалында чощойгон көчмөн кыргыз байыртадан жылкы баласын баалап келген. Жоокердик жашоодо негизги унаа катары колдонуу менен бирге чарбада колдонуп, ар кандай ат оюндарын да уюуштуруп келишкен. Мындан тышкары, кыргыз ашканасындагы эщ чүйгүн тамактар жылкы баласынын этинен, ал эми эщ даамдуу суусундук болгон кымыз анын сүтүнөн жасалат.
Кымыз бээнин сүтүнөн жасалган ачкыл суусундук. Тарыхка карап көрсөк, алгач кымызды тээ байыркы көчмөндөр жасап келишкен (5500 жыл мурун). Кымызды жасоо технологиясын көчмөн элдер көп кылымдар бою сыр катары сактаган. Ал гана эмес, тарыхтын атасы катары бааланган Геродот (б.з.ч. 484-424-жж.) да скифтер кымыздын рецебин билгендердин көзүн тазалап, сырын катуу сакташканын жазып кеткен. Кымыз көп нерсеге пайдалуу экендигин адистер айтып келишет.
Бээнин сүтү жана кымыздын дарылык касиети
Камбар Ата тукуму
Кыйла чуркап желди эми,
Кырда өскөн чөптөрдү
Дары кылып берди эми, — дегендей, Жер Эне берген ырыскыны бизге иштетип, даяр түрүндө даамын чыгарып дары кылып бергендердин ичине Камбар Ата тукуму да кирет. Далай ооруга даба болгон кымыздын дарылык касиетин бабаларыбыз байыртадан эле байкап, өз пайдасына колдонуп келишкен. Ал эми 1900-жылы венгриялык окумуштуулар бээнин сүтүн изилдеп, анын
92 пайызы эненин суту менен шайкеш келерин аныкташкан. Илимий түрдө дарылык касиети далилденгенден кийин, европалыктар арасында бээнин сутун дары катары пайдалануу акырындап жайылтыла баштаган. Россиялык жылкы багуу боюнча илимий изилдөө институтунун берген маалыматына караганда, бээнин сүтүндө жещил сищчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, лактоза заты, май, фермент, минералдык заттар, белок, В, Bl, B2, В12, С витаминдери бар. Бээнин сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы — анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кенейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жащы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жещил келип, кан басымын жогорулатпай, боор, өпкө, өт жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чощ таасирин тийгизет. Жылкы бруцеллёз, кургак учук, кара өпкө деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сузуп иче бергенге болот. Мындан тышкары, бээнин сутунун майлуулук дещгээли да башка малдыкына караганда аз. Бээнин сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сищип, канга айланып, холестеринди көбөйтпөйт. Ошондой эле йоддун көрсөткүчү да өтө жогору: бээнин 100 грамм сүтүндө 95-100 пайызды, уйдун сүтүндө 25-30 пайызды түзөт.
Эскерте кетчу жагдай — бээнин сүтү кан басымын түшүрөт, ал эми кымыз кетерет. Ошондуктан бээнин суту менен бардык эле оорулар дарылана бергенге болбойт, андыктан атайын дарыгердин кещешин алган ощ. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, бээнин сүтү менен дарыланууга өтө кылдат карап, бир гана бээнин сутун ичуу шарт. Күнүнө үч маал белгилуу өлчөмдө ичсе, дарылануу убактысы 10 же 15 кун толук болуусу зарыл. Бээнин сутунун дары боло турган учуру үркөр жылдызы чыкканга чейин гана экенин кыргыздар небак аныктап чыгышкан. Ушул күндөр аралыгында гана бул тамак организмге толук сищип, алгачкы күндөрдө арыктатып, зыяндуу заттарды айдап чыгып, бара-бара куч-кубат бере баштайт. Дарылануу учурунда башка тамактар менен бир убакта аралаштырып ичүү анын таасирдүүлүгүн азайтат.
Бээнин суту гана эмес, андан жасалган кадимки кымыздын да дарылык касиети кучтуу. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, кымыздагы ачыткылар кургак үчүктү козгоочуларга каршы антибиотиктик заттарды пайда кылат. Баса белгилеп айта кетчү дагы бир нерсе — июлдун экинчи жарымынан тартып чөп баш алып бышып калган кезде кымыз көптөргө, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт, өзгөчө, мурун ичип көрбөгөн адам кымызды алгач аз-аздан ичип, организмди көндүрүүсү зарыл. Кымыздын курамында жещил сищчү белоктор 2-2,5%, майлар 1-25%, кант 3,5% жана А, В, С тобундагы витаминдер болот. Мындан тышкары, көмүртектер, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, витаминдер, ферменттер, көмүр кычкыл газы, аминокислоталар бар.
Эмиль Чымылдаков