“Кыргызстанда элик менен кийиктерди көбөйтүү керек”, — мергенчилер коомунун адиси
Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коому Союз мезгилинде 1959-жылы түзүлгөн. Коомдун негизги максаты – жаратылышты коргоо, жаныбарларды көбөйтүү болуп саналат. Бул тууралуу аталган коомдун адиси Рашид Сулайманов Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, коомдун жетекчилеринин демилгеси менен өкмөттүн өкүлчүлүгүндө мергенчилик боюнча тегерек стол өткөрүлүп, атайын иш-чара кабыл алышкан. Бул коом мамлекеттик эмес, мергенчи жарандардын башын бириктирген, мыйзам чегинде иштеген коом. Коомдун негизги максаты – жаратылышты коргоо, жан-жаныбарларды көбөйтүү, браконьерлерди кармоо, мергенчилерге шарт түзүп берүү. Алар келечекте токойлордо чөптөрдү даярдап, жапайы жаныбарларды кышында багып, канаттууларга жем чачууну көздөп жатышат.
“Президентибиздин: “Илбирсти аткан – кыргызды аткан менен барабар” – деп айткан сөзү бар.Акыыркы мезгилде Кыргызстан боюнча 200гө жетпеген илбирс калыптыр. Анын жоголуп кетишинин себеби, биз илбирс аңчылык кылып тамактанган тоо эчки, кийик атып жок кылып жатабыз. Жей турган тамагы жок болгондуктан, илбирс жок болуп кетип жатат. Президент ошол себептен кейип айткан. Өзүбүз демилге көтөрүп, мекенчилдик сезим менен элдин байлыгы болгон жаратылышты сактап калуубуз керек. Телеканалдардан көргөн маалыматтарым боюнча, акыркы 200 жылда дүйнө жүзүндө 1000ге жакын жаныбарлар жок болуп кетиптир. Кыргызстанда илбирс менен аюу кызыл китепке кирген. Эликтер менен кийиктерди атып, 30-50 кг. этин жегенден эч кандай майнап чыкпайт. Андан көрө элик менен кийиктерди көбөйтүү керек”, — дейт Р.Сулайманов.
Эликтер кышында кар көп жаап койгондо, тоюттан кыйналып, айылдарга түшүшөт. Аны көргөн кыргыздар атчан, эшекчен кууп, баса калып атып алышып, жеп коюп жатышат. Европа мамлекеттеринде болсо, шаарлардын ичинде, мегополисте бугу, аюулар жүрөт. Эч ким тийбейт, ал жерде. Ошол Европадагы элдин аң-сезими менен биздин элдин аң-сезимин салыштырып отуруп, ичиң ооруйт, — деген оюн билдирди Р.Сулайманов.
Ошондой эле, кыргыз эли илгертен эле философ болуп, “Кожожаш”, “Карагул ботом” деген дастандарды чыгарган. Ошол дастандарда “мерген болбой куруп кал, аскадан түшпөй туруп кал”, “Балаңдын жүзүн көрбөй кал”, — деп жазылгандыгын мисал катары айтып өттү Р.Сулайманов.
Анархан Жаныбаева