Мергенчилер мындан ары курал колдоноордон мурун экзамен тапшырышат
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү жөнүндөгү” Өкмөт башчынын үстүбүздөгү жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык, мамлекеттик ырастамасы жок мергенчилер өз алдынча аңчылык жасай алышпайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаилов Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, аталган токтом боюнча облус аймагында керектүү адамдарга түшүндүрмө берип бүтүштү. Айрым мергенчилер бул токтомдун чыгышына өздөрүнүн нааразы пикирлерин да билдиришкен. Мергенчилик билет менен мергенчилик ырастаманы аралаштырбаш керек. Бул экөө эки башка документ. КР мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежеси боюнча атайын Жобо кабыл алынган.
“Бул токтом сөзсүз керек эле, өз убагында чыкты. Эми мергенчилер курал алаардан мурун экзамен тапшырышат. Облуста 5 кишиден турган комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер органынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ошондой мергенчилер жана балыкчылар коомунун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери кирген. Тест тапшырмалары тестирлөо ыкмасы менен жүргүзүлөт. Анда кызыл китепке кирген кайсы жаныбарды билесиң? Кайсы жаныбаларды атууга болот? Алгыр кушуң, уучу итиң болсо, аларды кантип колдонушуң керек? – деген суроолорго туура жооп берип, экзамен тапшыргандан кийин гана мамлекеттик ырастама алып, бир коомго мүчө боло алышат. Мергенчилер коомунун мүчөлөрү өздөрүнүн күбөлүктөрүн аңчылык департаментине алып барып, мамлекеттик ырастаманы экзамени жок эле алышат”, — деди А.Исмаилов.
Ал эми мергенчилик ырастамасы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган — Жалал-Абад облустук жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча 55 жашка чейинкилерге 10 жылдык мөөнөткө 1500 сомго берилет. Ал эми 55 жаштан жогоркулар өмүрүнүн акырына чейин мергенчилик ырастаманы пайдалана алышат.
Жалал-Абад облусу боюнча 1300 мергенчилер жана балыкчылар коомунун мүчөсү бар болсо, алардын ичинен 420сы балыкчылар. Аларга бул токтомдун тиешеси жок. Россия жана Казакстанда ушундай эле коом болгон, бирок союз жоюлгандан кийин, ал коом менчикке айланып кеткен. Учурда алар да коомду кайра түзүү аракетин көрүп жатышат.
Анархан Жаныбаева