«САРКЕНТ» мамлекеттик жаратылыш паркы өзүнүн презентациясын өткөрдү

5Лейлек районунун аймагында жаңыдан түзүлгөн «Саркент» жаратылыш паркы  Кыргызстандагы ПРООН аркылуу аткарылган Глобалдык экологиялык фондунун Чакан гранттар программасы  тарабынан 2012-жылы  колдоого алынган «Сумбула» жамааты тарабынан аткарылуучу  «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы биоартүрдүүлүктү сактоо жана экотуризмди өнүктүрүүдө  жергиликтүү элдердин потенциалын жогорулатуу»  аттуу  долбоорунун   жыйынтыктары боюнча 5-декабрь 2013-ж өзүнүн  презентациясын өткөрдү.

Презентацияга Баткен областтык аймактык  Айлана-чөйрөну коргоо башкармалыгынан, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондун аймагындагы токой чарбалардын өкүлдөрү,  райондук экология бөлүмүнүн ММКнын  өкүлдөрү   катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө «Саркент» жаратылыш паркынын башчысы Мурзакулов Таалайбек  долбоор аркылуу аткарылган иштер туурасында айтып,   жаныдан түзүлгөн парктын материалдык –техникалык  базасын чыңдоого ГЭФ\ЧГП абдан зор жардам кылганы тууралуу,  б.а. 2 жайкы эс алуучу  бардык шарттары менен  отуруучу жайлар, парктын кардону толугу менен оңдолуп, жаңы күзөтчү пункту курулуп,  о.э. сугат суу өтүүчү 105 метр  суу түтүктөрү реабилитация болуп, анын натыйжасында Көк- таш  жана  Дейнөө айылдарынын тургундары өздөрүнүн  40 га ашык жер  участокторун  толугу менен сугарууга мүмкүнчүлүк алышты, Саркент паркынын алдында түзүлгөн жашыл патрулдар толугу менен  керектүү жабдыктар, инвентарлар менен камсыз  болушту,  о.э.  туризмди өнүктүрүүгө түзүп берген шарттарын баса  белгилеп кетти.

Ал өз сөзүндө  долбоор аяктаса да башталган  стратегиялык иш аракеттер улана беришин айтып, Саркент чөлкөмү туризмди өнүктүрүүчү  эн жакшы жайлардын бири болуп каларын, Лейлек районунун,  дегеле областтын  сыймыктануучу кооз жаратылыш аймагы болоорун ишендирип кетти.

Ошондой   ГЭФ\ЧГПнын Баткен областы боюнча өкүлү Ж.Асанова Кыргызстандагы ГЭФ\ЧГПнын ишмердүүлүгү, максаттары тууралуу жана Баткен областындагы аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берип кетти.

Андан кийинки сөз Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары  Ж.Т.Эшанкуловко сөз  берилип, ал өз сөзундө ГЭФ\ЧГПна ыраазычылык билдирүү менен  башка токой чарбалары, экология бөлүмдөрү, айыл өкмөттөр да Эл аралык уюмдар менен тыгыз иштөөсүн каалап, экологиялык көйгөйлөр,токойлордун, жайыттардын деградациясы, эрозия, табигый кырсыктардын  залалдары тууралуу маалыматтарга токтолуп, жаратылышка аяр мамиле жасоону, аны менен кызматташууну унутпай дайыма даяр туруубузду каалап кетти.

Аягында катышуучулар тарабынан талкуу, суроо-жооптор жүргүзүлүп, «Саркент» жаратылыш паркынын мындан ары да өнүгүп өсүүсү үчүн бир нече сунуштар:

-«Саркент» ЖП тарабынан  жыл сайын  жаштар, мектеп окуучулары учун маданий-спорттук иш чараларды откоруп туруусу,

-Долбоор алкагында даярдалган экощиттерди  айыл окмоттун имаратынын жанына, мектептердин, парктын аймагына жайгаштыруусу,

-Экотуризмди онуктуруу жана эс алуучуларга шарт тузуу учун  улоо каттамдарын (конный маршрут)  даярдоо, келген туристтер, эс алуучуларга  сут-айран жб  сут азыктарын сунуштоо учун шарт тузуп берүүсү тууралуу сунуштар айтылды.

1 2

3 4

Жанатай Асанова

janatay@rambler.ru

Вам может также понравиться...