Токтогул районуна караштуу Кичи-Кан-Ачуу тоо кыркаларынан 2 тоо текени аткан браконьерлер кармалды

Токтогул районуна караштуу Кичи-Кан-Ачуу тоо кыркаларынан 23-июль күнү мергенчилик кылган Базар-Коргон районунун 7 жараны 2 тоо текенин атып, этин куржунга салып үңкүрдөн чыгып, тоо тарапка аң уулоо үчүн кетип бара жаткан жеринен колго түшүштү. Бул тууралуу КР жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин штаттан тышкаркы инспектору Гамал Соронкулов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, жогорудагы браконьерлерди кармоого Жалал-Абад шаарынын тургуну Ашим Чатаев, Сузак районунун тургуну Сатымкул Сарыков да катышкан. Тоо текеге мергенчилик кылгандардын башында Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Пилан Иманкулов турат. Мыйзамсыз аңчылык кылган браконьерлер 7 адамдан туруп, атчан болушкан.

“Алардын 2 тоо текени мыйзамсыз аткандыгы аныкталды. Мергенчилердин бирөөсүндө сайсыз мылтык, калгандарында сайлуу мылтык бар экен. Браконьерлердин арасында П.Иманкуловдун өзүнүн жанында алып жүргөн “Бекол” мылтыкка болгон документти көргөздү. Ал эми көтөрүп жүргөн куралы “Вепр” экен. Ошондой эле, Пилан Иманкуловдун Жогорку Кенештин депутаты М.Жураевдин жардамчысы деген күбөлүгү бар экен.  Биз браконьерлерди үңкүрдөн чыгып, тоо тарапка аң уулоо үчүн жөнөп жаткан учурда кармагандыктан, алардын үчөө мылтыктарын ташка жашырып коюшуптур. Өздөрүнүн ким экендигин да айтышкан жок”, — дейт Г.Соронкулов.

2014-жылдын 13-мартында чыккан “Агенттиктин жана мергенчилик чарбасынын” мыйзамына ылайык, мыйзам бузган браконьерлерге Акт түзүлгөн. Бирок, алар түзүлгөн Актка кол коюудан баш тартышкан.

“Кармалган мыйзам бузуучулардын минген аттары, мылтыктары, эки атылган тоо текенин баштары, териси, эттери (куржундагы, каптагы)  видео тасмага алынып, материалдарды толуктоо үчүн кошо тиркелип тиешелүү Агенттикке өткөрүлүп берилди”, — деди КР жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин штаттан тышкаркы инспектору Гамал Соронкулов.

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...