Устойчивое землепользование в ЦА с учетом изменения климата
Кылыч Акунов несколько лет назад взял в аренду у Балыкчинского лесного хозяйства шесть гектаров каменистых малопродуктивных земель. На этом месте он разбил фруктовый сад. Каждый год на полтора-два месяца Кылыч обеспечивает работой и питанием от 60 до 70 человек. В основном, к нему приходят работать семьями. В зависимости от сезона одна семья зарабатывает от 500 до 1500 сомов в день.
На малопродуктивных и засушливых участках Балыкчинского лесного фонда создано более 500 гектаров таких фруктовых садов. Они принадлежат 250-300 домохозяйствам, которые нанимают людей для полива и ухода за деревьями. Во время сбора урожая наемных работников становится больше. Такие примеры сотрудничества государственных органов и предпринимателей помогают решать проблемы безработицы в области. При этом осваиваются малопродуктивные земли и улучшается окружающая среда. Кроме того, лесхоз также работает над плантациями из быстрорастущих сортов деревьев и сейчас здесь создано более 50 гектаров таких плантаций.
Региональная программа GIZ по устойчивому землепользованию поддержала успешное тестирование новых методов лесоуправления в нескольких лесхозах, включая Балыкчинский.
Бир нече жыл мурун Кылыч Акунов Балыкчы токой чарбасынан өндүрүмдүүлүгү төмөн алты гектар таштак жерди ижарага алган. Ошол жерге ал жемиш бактарды отургузган. Кылыч жыл сайын 60дан 70ке чейин адамды жумуш жана тамак менен камсыздайт. Негизинен, ага үй-бүлөлөрү менен келип иштешет. Сезонго жараша, жумушчулар күнүнө 500 сомдон 1500 сомго чейин табышат.
Балыкчы токой фондусунун өндүрүмдүүлүгү төмөн жана кайрак жер тилкелеринде жогоруда айтылган сыяктуу 500 гектардан ашык жемиш бактар тигилген. Аталган жер тилкелери 250-300 үй-бүлөгө таандык. Жемиш бактарды сугаруу жана багуу үчүн алар элди жалдап иштетишет. Жемиштерди терүү убагында көбүрөөк жалдашат. Мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы мындай кызматташтыктар облустагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Аны менен бирге эле, өндүрүмдүүлүгү төмөн жерлер иштетилип, айлана-чөйрө да жакшыртылат. Андан тышкары, токой чарбасы тез өсүүчү бактардан турган плантацияларды өстүрүү үстүндө да иштөөдө. Учурда мындай плантациялар 50 гектардан ашык жерде уюштурулган.
GIZтин жерди туруктуу пайдалануу боюнча регионалдык программасы токойлорду башкаруу боюнча жаңы ыкмаларды бир нече токой чарбасында, анын ичинде, Балыкчы токой чарабасында да сыноодон ийгиликтүү өткөрүүнү колдоп келүүдө.
Жолдлшева Сыйнат
Deutsche Gesellschaft fuer Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH
Источник: https://web.facebook.com/SLUMCA/posts/2491434497789469?__tn__=K-R&_rdc=1&_rdr