Бишкекте социалдык-экологиялык теңсиздик жаралды. Аны жоюу жолдору барбы?

Биздин негизги максатыбыз социалдык жана экологиялык теңсиздикти жоюу. Спутниктик карталарды изилдөөдө, коомдук жашыл аймактарга шаардын 34% жарандары гана коомдук жайларга кире ала тургандыгын көрсөттү. Бул көрсөткүч жөө басуунун аралыгы боюнча 500м чейин.

Ушул аймактарда жашаган жашоочулардын коомдук жайларга ыңгайлуу жана коопсуз  баруу, ден-соолугуна кам көрүү жана балдар менен сейилдөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна алып келет.

Мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугу адамдардын бири-бири менен байланышынын төмөн деңгээлине, социалдык капиталынын төмөндүгүнө алып келет. Ошол эле учурда шаардын бюджетин бардык жарандар түзөрүн, ошондуктан алар өз аймактарында сейил бактарды жана скверлерди өнүктүрүүгө укуктуу экендигин түшүнүү керек.

Бирок, жашылдандырууга бөлүнгөн бюджет каражаттары шаардын борборун  көрктөндүрүү иштерине жумшалат же болбосо шаардын түштүк бөлүгүндө бардык жаңы парктар салынып жатат.

Видео Бишкекте социалдык-экологиялык теңсиздик жаралды. Аны жоюу жолдору барбы?

Инициатива Арча

Вам может также понравиться...