Азыркы убактагы курч экологиялык проблемалар.

Адамзат баласынын жашоосу табият менен тыгыз эмеспи, бүтүнчү кыргыз улутунун турмушу. Кийинки кездерде экологияны сактоо боюнча мамлекет аралык маселелер күтүрүлгүндү, мисалы, 1991-жылкы Фин шаары Эспоодо кабыл алынган, 1997-жылы 15тен ашык мамлекеттер ратификациялаган «Айлана-чүйрүгү, кийинки кездеги жасалган таасирлерге баа берүү боюнча» конвенцияны карасаү күчмүн кыргыз улуту ушул конвенцияны мурун эле кабыл алып, бирок кийин унутуп койгондой. Ушундан улам айылдагы, шаардагы жашоо деген эки дүйнү, мурунку, кийинки муундар күз алдыма келе түшүт. Маселен, айылдагы булактан сүз баштасак, булак ошол айылдагы адамдарды бириктирип, башын кошуп, (азыркыча сообщество) аларды бир максатка үндүп тургандай туюлчу. Күндү ар кыл адамдар булак башынан жолугуп үз ара мамиле түзүүлүрү, чыр-чатак маселелери ошол жерден чечилээри айыл койнунда үскүн адамдарга айгине эмеспи. Кезинде айыл адамдары ошол булак менен кошо тегерегин таза кармап, ошол тегеректеги жан-жаныбарларды кошо ыйык тутунчу. Дегеле күчмүн эл руху-тоолорду, табиятты үздүрүнүн ата-бабасындай аздектеп турушат эмеспи. Балалык десе эле, жаз жаүы баш баккандагы түркүн куштар сайрап, жамгыр нүшүрлүгүндүн кийинки күкүк, сасык үпүп үнүн эшитип, атакемдин «Күкүк-Сейнеп», «Эжеке, бээ саа», «Кожожаш» жомокторун угуп отурганым күз алдыма тартылат. Күрсү, биз тарбияны табияттан, угуу, күрүү сезимдерин ар кыл гулдүрдүн, чүптүрдүн жыттарынан, аска-зоолордун үзүнчү энергиясынан алып, азыр биз даүаза кылып жаткан Кытай Фень-Шуй философиясын жомоктордон алчу турбайбызбы. Азырчы? Мынабу калдайган муздак дубалдуу, биринен бири ашам деп салынган кабат үйлүрдү жашап, күндүн чыкканы, батканы, куштардын сайраганы менен ишибиз жок, күнүмдүк ачкүз турмуштун тузагына илинип, дил бүксүрткүн жасалма жашоонун шарында шашылып бараткансыйбыз. Муздак дубалдар, түркүн кинону күрсүткүн телевизор балалык сезимдерди да табияттан ажыратып, булактан, жан-жаныбарлардан алыстатып бараткансыйт. Деги биз эмне болуп баратабыз? Үз тамырыбыздан ажырап, рухубуз ачка болуп, табият, байыркылар менен байланышкан алтын учугубуз үзүлүп, алдыүкы илим-билимге умтулганыбыз эле болбосо үксүгүбүз үзүк каарыйт. Табият багып келген, табият менен киндиктеш үскүн күчмүн элибиздин уулдары улуу доордун кыйырында жаратылыштан оолактап, табият тамызган күрүүгү чүйчүгүбүз акырын-дап соолуп барат. Сүзүм кургак болбосун, Кочкордун жашоочулары айлана-тегерегиүиз-дерге бир аз күз чаптырып, табиятка кулак түшүп күрүүңздүрчү. Эмне күрүнүт? Баардык жерде толгон-токой таштандылар. Таза суу аккан арыктын бою, басып бараткан жол, дегеле биз ыйык, таза тута турган жердин баары таштанды, акыр- чикирге толгон. Мунун баары башка үлкүдүн келген акыр-чикир эмес, муну сиз, мен, ал ыргытып жатат. Булардын кесепети кечээ эле, 4-5 жыл мурун тынбай чардап, бут алдыбыздан секирип бизди тажаткан бакаларга кайрылгыс зыян келтиргендей. Бизде жашоочу боз жана жүнүкүй курбакалар, жашыл жана саз бакалар каякта!? Ал эми эл арасында ар кандай ооруларга дары деген кызыл колтук, же биологдордун тилинде айтканда «чаүкай курсак» кызыл боор, сары боор бакаларды жакында Кызыл китептен күрүүрүбүз ыктымал болуп калды. Бакалар табият менен, тазалык, нымдуулук, чүйрүнүн температурасы менен байланышта болуп, чүйрүнү ар кандай зыяндуу курт-кумурскалардан сактагандыктан «жаратылыш санитары» атка конушкан. Бакалар биздин жашообуздун, экологиябыздын бир бүлүгү. Айлана-чүйрүбүздү таза сактабасак, улам бир бүлүкчүдүн ажырасак бизди XXII кылым кандай абалда тосуп алат? Ошону баамдап, баардыгыбыз айлана-чүйрүбүздү, булагыбызды таза кармап, жаратылыш-ка аяр мамиле кылсак. Хемунгуэйдин «Абышка жана деүиз» деген китебин-дегидей жалгыздыкка кабылбасак. Урматтууларым, жаратылышты биз сактасак, ал бизди сактайт. Бул иш Кудайга да жагат.

Эркин МУКАШЕВА, врач,

«Ослер» коомдук уюмунун жетекчиси, экологиялык сеттин мүчүсү.

Вам может также понравиться...