КАЙРЫЛУУСУ

Биз, Кара-Суу айыл окмотунун тургундары, Сиздерге чон ыраазычылык менен кайрылууну туура таптык. Анткени, 2004 жылы Нарын шаарындагы «Collaboration-Содружество» Ассоциациясынын мучолору тарабынан райондун айыл-кыштактарында окуучу балдарыбыздын тамактануусун киргизууго карата жургузгон иштерин жон эле болбогон, ишке ашпаган аракет деп ойлогонбуз.

2005 жылы ушул Ассоциациянын Президенти Сатаров Абдыбектин кылган аракеттерин республиканын, облустук телекампанияларынын беруулорунон коруп, «Эркин тоо», «Кыргыз туусу» жана «Агым» гезиттеринен статяларын, Сиздердин наамыныздарга жиберилген калктын Кайрылуусун окуп, дагы эле ушул иштин жыйынтыгы болбойт дегенбиз.

Биздин мындай тыянакка келишибиздин себеби жогорку бийликке ишеничтин жоголгону болгон. Тескерисинче, Сиздер баштаган жаны бийлик калктын муктаждыктарына карата мамилелерди озгортту. Ага кубо, бюджеттик социалдык мекемелердин, милиция кызматкерлеринин эмгек акыларынын жана пенсиялардын кобойушу, озгочо жалпы билим беруу мектептерде башталгыч класстардын окуучуларынын ысык тамак менен камсыз болуусу саналат. Окуучулардын тамак менен камсыз болуусунун ишке ашырылышы айрыкча мамлекет башчысы Курманбек Салиевич, Сиздин туздон туз кийлигишуунуз чон туртку берди. Мына бугунку кундо биздин К.Карпеков атындагы жана Дыйкан орто мектептеринде башталгыч класстардын окуучулары откон окуу жылынын аягында мектепте тамак менен камсыз болушуп, жакшы саамалык болуп отурат. Жалгыз эле биздин мектепте эмес, республиканын бардык тоолуу жана алыскы мектептеринде окуучуларга тамак беруунун ишке ашырылып жатышы бизди озгочо кубандырат.

Бул аракеттер талаада калбайт, балдарыбыздын ден соолугуна, алардын гармониялык осушуно чон таасир берет деп ишенебиз. Маселе, ушул башталган жакшы иш орто жолдо токтоп калбаса болгону. Биздин айылдын жашоочулары жогоруда аталган Ассоциациянын мучолоруно, анын жетекчиси, Кыргыз Республикасына эмгек синирген врач, Нарын облусунун ардактуу атуулу Сатаров Абдыбекке чон ыраазычылыгын билдирет.

Анткени, эки жыл катары менен бул адам башкарган уюм окуучу балдардын тамактанууга укугун коргоп, аны уюштурууга жогорку жетекчиликтин конулун бурууга жана онунан чечилишине жетишти. Бул жакшы башталган иш биздин келечегибиз, олконун келечеги-жаш оспурумдорго мамлекет тарабынан жасалган аталык камкордук деп ойлойбуз .

Айылдын бардык ата-энелеринин атынан Сиздерга чон рахмат айтабыз жана мындан ары дагы республиканын гулдоп осушуно талбаган аракеттерди жасай тургандыгыныздарга ишенебиз.

Ушул биздин Кайрылуубуз гезит беттеринен жарык корсо деп суранабыз.

Айылдын жашоочуларынын жана ата-энелеринин атынан:

Исаков Марат- фермер

— Бектурсунова Индира- уй кызматчы

— Максутов Туратбек- фермер

— Шабданова Арууке- пенсионер

— Арзыматова Нарынкул- уй кызматчы

— Токтокуев Кадыркул- мектептин устасы

— Койкеев Сабит- фермер

— Торогелдиев Ильичбек- фермер

— Казаков Муса- пенсионер

— Торогелдиева Турганбубу- пенсионер

— Ырысбек уулу Омуракун-пенсионер

— Сейтакунов Кудус- пенсионер

— Наматов Байыш — фермер

— Эсенгулов Орозбек-фермер

— Акматалиева Жаныл-почто кызматкери

— Иманкулов Турумбек – айыл окмотунун башчысы

— Абылгазиев Омурбек-имам

— Жусупов Махмуд-дыйкан чарба башчысы-

Тостоков Шаршенбек-дыйкан чарба башчысы

— Капсаланов Акимкан-дыйкан чарба башчысы

— Арзыматова Нарынкул-аялдар кенешинин мучосу

— Абдраев Максат-жаштар комитетинин мучосу-

Вам может также понравиться...