КУЛУНАТАДАГЫ ИЛИМИЙ ЖАНЫЛЫКТАР
Эки жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жаткан жаңы 2004-жылдын 11-августунда уюшулган «Кулун-Ата» мамлекеттик коругуна жасалган илимий экспедиция ушул жылдын 15 августунда 2007 жыл үчүн аягына чыкты. Бул экспедициянын максаты-коруктун аймагындагы фауна, флорага инвентаризация жүргүзүү жана ал аймакта кездешкен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн санынын жылдык динамикасын (өзгөрүп туруусун) аныктап, анализдөө болуп эсептелет.
Алгач 2006-жылдын июль, август айларында биринчи жолу бул аймакта илимий экспедиция уюштурулган. Экспедицияны — биология илимдеринин доктору, ОшМУнун Зоология жана биологиялык көптүрдүүлүк кафедрасынын профессору, «Табият-Түштүк» экологиялык коомдук фондунун президенти Болот Кулназаров илимий жактан жетектеп келет. Анын катышуучулары ОшМУнун Зоология жана биокөптүрдүүлүк кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы: Абжамилов С., Айдаралиев Э., Абдыкааров А., Стамалиев К., Манасов П., Атабеков Ү., Алтыбаев К., «ЭкоТв» телерадиокомпаниясынын өкүлдөрү жана аталган коруктун илимий кызматкерлери, егерлери катышышкан. (далее…)





