Жалал-Абад облус губернатору республикалык ишембиликке катышты
Жалал-Абад облус губернатору Азизбек Турсунбаев баштаган бир топ облустук жетекчилер жана шаар мэри Бакытбек Адылов республикалык ишембиликке катышып, шаардагы эко-паркка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.
Аталган эко-паркка шаардагы бардык мекеме-ишканалар, аймактык башкармалыктардын, жеке чарба жүргүзгөн ишканалар, соода түйүндөрдүн кызматкерлери жана жалпы шаар тургундары шаардын тазалыгын сактоо жана шаарды көрктөндүрүү максатында республикалык ишембиликке катышып, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.
«Колдон келишинче ишемби күндөрү гана эмес, ар бир күнү тазалыкты сактап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү керек. Бүгүнкү отургузулган бак-дарак көчөттөрүн тигип гана тим болбостон, көчөттөрдүн өсүп жетилишин да кудай буйруса көзөмөлгө алабыз», — деди облус губернатору А.Турсунбаев. (далее…)






