Республикалык сынак «Таптаза»
«БИОМ» экологиялык кыймылы ЮНИСЕФ колдоосу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин арасында «Таптаза» сынагын жарыялайт.
Маселенин актуалдуулугу:
Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы көпчүлүк мекемелерде коопсуз сууга жана санитариянын адекваттуу шарттарына жетүүгө байланыштуу кыйынчылыктар бар. Мекемелердеги начар санитардык-гигиеналык шарттар балдардын инфекциялык ооруларга, мисалы, диареяга, мите ооруларына, А гепатитине чалдыгуусун жогорулатат.
Бул сынак түзүлгөн жагдайды жакшыртуу жана бул багыттагы орчундуу маселелерди чечүү максатында уюштурулуп, өлкөнүн билим берүү мекемелеринде гигиена, коопсуз суу жана санитариянын тийиштүү шарттарын түзүү боюнча маселелерди алдыга сүрөө жаатында мектеп деңгээлинде – мугалимдер, мектеп администрациясы, айрым педагогдор тарабынан жүзөгө ашырылып келген алгылыктуу тажрыйбаларды аныктоого жана сыйлык берүүгө арналган. (далее…)






