“Браконьерлер сот тарабынан жазага тартылбай жатат”, — мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы
Жалал-Абад облустук аңчылык департаментинин адистери кийиктин эти менен тартып алган видеосун 1,5 жыл сотто өткөрө албай жүрүшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, экинчи жылга өткөндө гана Кр Башкы прокурорунун 1-орун басары Кылычбек Токтогуловдун жардамы менен кийикти аткан браконьерлер жоопкерчиликке тартылып, штраф салынган. Ошондой эле, 2015-жылы 16-январда Сузак районунун Барпы каналында ток менен балыктарды кармап жаткан жеринен аталган коомдук балдары барконьерлерди матору, балыгы менен кармап, протокол түзүп, аңчылык департаменти аркылуу Сузак райондук сотуна өткөрүп беришкен. (далее…)





