23-октябрь эл аралык «Илбирс күнүнө» карата Таш-Башат айылында «Илбирстин мекени» экологиялык фестивалы өткөрүлдү
«Жашыл Климат» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун базасында Таш-Башат айылында 23-октябрда «Илбирстин мекени» атту салттуу он биринчи экологиялык фестиваль болуп өттү. «Илбирстин мекени» экофестивалын жыл сайын өткөрүү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына чектеш айылдардын тургундарынын салты болуп калды. Экофестивалдардын максаты — региондун жана бүтүндөй өлкөнүн калкынын көңүлүн тоонун падышасы — илбирсти сактоого буруу жана кырыгыз элинин салттарын сактоо аркылуу жаратылыш ресурстарына болгон аяр мамилени калыптандыруу. Алгачкы «Илбирстин мекени» экофестивалы Акшыйрак айылында 2009-жылы башталып, кийинки жылдары Эңилчек, Караколка, Барскоон, Таш-Башат айылыдарын камтып бугунку күнгө чейин уланып келет. (далее…)