Биз жердин ээси жана жаратылыштын коргоочулары экенибизди эстедик
…Биз талкуулоо учурунда жамааттын өкүлдөрү, абстракттуу бир нерсени эмес, өз балдарынын, неберелеринин келечеги тууралуу ой жүгүртүп, чечүү жолдорун табууга аракет кылганына байкоо салып жаттык. Алардын ар биринде өз жасаган ишине жоопкерчилик ойгонуп жатканы көрүнүп турду. Аксакалдар ар бир адамдын пикирин угууну же чогулушта жок болгон, бирок алардын ой-пикирлерин баалаган жана аларага кулак салган жаштардын пикирине басым жасоону сунуштап жатышты…
Жаратылышты коргоодо болгон экологиялык көңүл коштуулукка жана жол берүүчүлүккө чыдап турууга болбойт! Бизге ар бир китеби биздин эко-кылмыштарыбыздын күнүмдүүлүгүнөн үрөйүбүз учуп, экологиялык аң-сезимдүү болуубуз үчүн жазылган, сүйүктүү жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун көзү менен өзүбүзгө кароого убакыт келип жетти. (далее…)