Сузактагы уулуу химикаттар көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай?
Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнүп, жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна көмүлгөн.
Мындан 40 жыл мурда СССРдин Саламатыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган. Союз учурунда тыюу салынган жана мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди жок кылуу маселесин “Көмүлгөн жерлер” деп аталган жерлерге көмүү жолу менен чечүүгө аракет жасалган. Бул максатта 1973-1980-жылдары аталган пестициддерди көмүүгө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери Эл аралык жамааттардын шарттарына ылайык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздө кароого активдүү катышууда. Буга мисал катары Кыргыз Республикасынын Стокгольм конвенциясына кошулушун атоого болот. (далее…)