КЫРГЫЗСТАН БИОЛОГИЯЛЫК ТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО БОЮНЧА УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫН ЖАҢЫЛООДО
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «Ресурстар жана консалтинг» илимий-техникалык борбору менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча 2040-жылга чейинки Мамлекеттик программасын жана 2025–2030-жылдарга карата Иш-аракеттер планын иштеп чыгууда.
Жаңыртуунун максаты — Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча заманбап көз карашты, максаттарды жана стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо. Программа жана Иш-аракеттер планы мүмкүн болушунча ачык жана инклюзивдүү форматта иштелип чыгууда. Даярдоо процессинде мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдардын, бизнес-структуралардын, жергиликтүү жамааттардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышкан бир катар тематикалык фокус-топтор өткөрүлдү. (далее…)