Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлер Орто-Азияга коркунуч алып келиши ыктымал
Майлуу-Суу дарыясынын боюнда жайгашкан уран калдыктары көмүлгөн жерлерди коопсуз жайларга көчүрүү үчүн 2004-жылы 28-сентябрда Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен КР ӨКМдин алдында «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору ишке киргизилген, 2012-жылы 31-декабрда долбоор өз ишин жыйынтыктайт. Бул туурасында аталган долбоордун менеджери Тажикан Көчкөнбаева 25-октябрь күнү КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевге айтты.
Кыргыз өкмөт башчысы өзүнүн Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарында Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн №3-участокто болду. Ж.Сатыбалдиевге ал жердеги уран калдыктарын №6-участокко көчүрүү ишинин жүрүшү жана мындан аркы аткарыла турган иштер менен Т.Көчкөнбаева тааныштырды. Анын айтымында, эң коркунучтуу №3 – участокко жалпы көлөмү 130 миң куб уран калдыктары көмүлгөн. Бул жерде көчкү жүрүү коркунучу тектоника пайда болгон. Эгерде жер көчкү болсо, сайды бууп салмак. Уран көмүлгөн жер ачылып, Майлуу-Суу дарыясына түшмөк.
— «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору өзү 2010-жылы 31-мартта бүтүш керек болчу. Ар кандай кырдаалга байланыштуу долбоордун мөөнөтүн узартууну суранганбыз. Уран калдыктарын ташып кеткенден кийин, калган калдыктарын топтоп, эки метр топурак (глина) менен жаап, дамбаны түздөп, анан рекультивизация кылып кетебиз. Бул иш үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүтөт. Шаардын түндүк жагында «Айлампа — Сай» деген жеринде да төрт уран калдыктары көмүлгөн участоктор бар эле. Ал жерде да уран калдыктары көмүлгөн жер суунун жээгинде жайгашкандыктан, долбоордун негизинде 228 метр жээкти коргой турган курулуштар бүткөрүлдү. Майлуу-Суу дарыясынын жогору жагында Кайрагач деген куймасы (притогу) бар. Ошол жээкте да №6-тоо кен рудасы көмүлгөн жер бар. Аны да коргоо иштери жүргөн. Ал эми шаардын түштүк жагында Күлмөн – Сай деген сайдын жээгинде №1-2 деген тоо кен рудалары (отвал) жайгашкан. Анын да жээгин суулар жеп, жер эрозия болуп жаткан. Анан №1ди №2ге ташыганга чечим кабыл алынган. Бул жерде 164 миң куб тоо кен рудалары бар. Биринчи этабы 2007-жылы башталып, 2009-жылы бүткөн, 86 миң кубу ташылган. (далее…)







