Кыргызстанда 20 жыл
Финляндия айлана-чөйрөнү коргоо Институтунун ага техникалык кеңешчиси Ари Мякеля.
( Рысбекова А.Р., Жангазиева Г.А. кыргыз тилине которушту.)
Менин Кыргызстандагы эң алгачкы кадамым 20 жыл мурун, 1998-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарындагы айлана-чөйрөнү коргоо Министрлигинде, өзүмдүн «Экологиялык мониторинг жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу» аттуу долбоору менен башталган.
Ошондон бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы Финляндия айлана-чөйрөнү коргоо Институту менен ар түрдүү 5 долбоор иштелип чыккан. 1998-2000-жылдар аралыгында Бишкек шаары жана Чүй областында, 2001-2002-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарында, 2004-2006-жылдарында жана 2011-2014-жылдары кайрадан Чүй областы, 2015-жылдан азыркы учурга (2018) чейин Ысык-Көл областы жана Нарын областында (Соң-Көл көлү) иштешип келебиз. (далее…)








