Биз, Кара-Суу айыл окмотунун тургундары, Сиздерге чон ыраазычылык менен кайрылууну туура таптык. Анткени, 2004 жылы Нарын шаарындагы «Collaboration-Содружество» Ассоциациясынын мучолору тарабынан райондун айыл-кыштактарында окуучу балдарыбыздын тамактануусун киргизууго карата жургузгон иштерин жон эле болбогон, ишке ашпаган аракет деп ойлогонбуз.
2005 жылы ушул Ассоциациянын Президенти Сатаров Абдыбектин кылган аракеттерин республиканын, облустук телекампанияларынын беруулорунон коруп, «Эркин тоо», «Кыргыз туусу» жана «Агым» гезиттеринен статяларын, Сиздердин наамыныздарга жиберилген калктын Кайрылуусун окуп, дагы эле ушул иштин жыйынтыгы болбойт дегенбиз.
Биздин мындай тыянакка келишибиздин себеби жогорку бийликке ишеничтин жоголгону болгон. Тескерисинче, Сиздер баштаган жаны бийлик калктын муктаждыктарына карата мамилелерди озгортту. Ага кубо, бюджеттик социалдык мекемелердин, милиция кызматкерлеринин эмгек акыларынын жана пенсиялардын кобойушу, озгочо жалпы билим беруу мектептерде башталгыч класстардын окуучуларынын ысык тамак менен камсыз болуусу саналат. Окуучулардын тамак менен камсыз болуусунун ишке ашырылышы айрыкча мамлекет башчысы Курманбек Салиевич, Сиздин туздон туз кийлигишуунуз чон туртку берди. (далее…)