Долбоордун туруктуулугу башкы максат
2002 жылы «Эко-Здоровье» коомдук уюму «Тянь-Шань маралын кайра калыбына келтируу жана кобойтуу» долбоорун ишке ашырып, Нарын мамлекеттик коругуна караштуу буфердик аймактын «Ийри-Суу» участогунда 50 гектар аянтка питомниктин коругун курганы жалпы элге маалым. Питомник талапка ылайык бийиктиги 2 метр зым торлор темир туркукторго орнотулуп, маралдардын жайыты, сууга жакындыгы, ысык-суукта коргонуучу токойлору менен эске алынып курулган.
Долбоорду жалпы ишке ашырууда, питомниктин курулушун оз убагында буткоруудо Нарын мамлекеттик коругунун ошол учурдагы директору Рахат Токталиев адис катары коп жардамдарды бергенин озгочо белгилеп кетмекчимин. Ал курулуп жаткан питомниктин келечегин тушуно билген жана ага ишенген, коптогон уюштуруучулук иштерди аткарган.
Курулуш журуп жаткан учурларда калктын арасында ишенбоочулукту, ич тардыкты жана жакшы ишти коро албоочулукту корсоткондор да болбой койгон эмес. Бирок, калктын арасында жургузулгон тушундуруу иштери, алардын озулорунун курулуш журуп жаткан жерлерге келип кетуусу бара- бара жогорудагыдай туура эмес тушунукторду четке каккан.
(далее…)





